Бишкек. 27-август. Тажикстандан көчүп келген 50 кыргызга 30-августта Кыргызстан паспортун тапшыруу аземи өткөрүлөт. Буга чейин Тажикстандан келген 1800 кыргызга Кыргызстандын паспорту тапшырылган. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын кабарлоосуна караганда, кыргыз-тажик өкмөттөрү кол койгон тажикстандык жарандарга жеңилдетилген түрдө Кыргызстандын жарандыгын берүү жөнүндөгү келишим күчүнө кирсе дагы 7 миңдей тажикстандык кыргыздар жаңы паспорт алышат.