Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:32

Эларалык валюта кору Кыргызстандагы экономикалык абалды канааттандырарлык деп эсептейт


Бишкек. 27-август. Кыргызстанда учурдагы макроэкономикалык абал канаатандырарлык деңгээлде, өлкөдө ички дүң продуктунун өсүшү жарым жыл ичинде 2, 3% түздү, инфляция төмөндөдү, АКШ долларынын сомго карата катышы туруктуу сакталууда. Мындай маалыматты 27-августта Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Эларалык валюта кору миссиясынын жетекчиси Тапио Саавалайнен, Кыргызстандын каржы министри Болот Абилдаев, Улуттук банк төрагасы Улан Сарбанов билдиришти. Т.Саавалайнен Эларалык валюта кору тарабынан 2001-жылдан тарта каржыланып келаткан «Кыргызстанда жакырчылыкты жоюу жана экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүүгө» арналган 3 жылдык программанын аткарылышын канааттандырарлык деп баалады. Анткен менен үстүбүздөгү жылдын 6 айында бюджет аткарылбагандыгын, эми жыл аягына чейин бюджет тартыштыгын 440 млн. сомго кыскартуу зарылдыгын белгиледи. Анын болжолунда, жыл аягына чейин жалпы өсүү жогорулап, инфляциянын деңгээли төмөндөөгө тийиш. Т.Саавалайнен 2004-жылга карата бюджетти түзүүгө этият мамиле жасоо керектигин белгиледи. Эларалык валюта кору миссиясынын Кыргызстанга болчу кезектеги иш-сапары ушул жылдын октябрь айында уланат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG