Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Президент А.Акаев Ош облусунда болду


ОШ. 27-август. Адегенде президент Карасуу районундагы Сарыколот Кыдырша айылдарындагы калкты таза суу менен камсыздоо долбоорунун биринчи этабынын ишке киргизилишине күбө болду. Андан кийин Куршаб-1 участкасындагы жаңы айылдын ачылыш аземине катышып, куттук сөз сүйлөдү. Жер көчкү түшүп 38 адамдын өмүрү кыйылган Сөгөт кыштагынан көчүрүлгөн тургундардын жаңы айылындагы 51 үйдүн 13 өкмөт куруп берген. Президент ар бир үйгө бирден телевизор белек берди. Куршаб кыштагында 14 миллион сомго бүткөрүлгөн Токтогул атындагы орто мектепке президент компьютердик класс жабдыгын тапшырды. А. Акаев суу ташкындан улам көчүрүлгөн Өзгөн районундагы Дюбитель кыштагында да болду. Ал жерде салынып жаткан 25 үйдүн 16 бүтөйүн деп калган. Президент кечкисин Ошто Сулайман тоосунун этегинде өткөрүлчү «Түбөлүк тур, касиеттүү Кыргызстан» аттуу кыргыз мамлекеттүүлүгүн даңазалаган майрамга катышат.

XS
SM
MD
LG