Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Палестин лидери Ясир Арафат экстремисттик топторго каршы чараларды көргөнгө даяр.


Бирок бул үчүн Израил аталган топтордун активисттерин жок кылуу практикасын токтотууга тийиш. Ройтерс агенттигине берген интервьюсунда Арафат бул маселе боюнча тийиштүү мыйзам даярдалгандыгын ырастады. Бирок израил аскерлери өткөн түнү Иордан дарыясынын батыш жээгинде рейд өткөрүп, палестин топторунун отуздан ашуун мүчөлөрүн кармады. Буга байланыштуу палестин премьери Махмуд Аббас бүгүн кабинеттин жыйынын чакырып, кырдаалды талкуулады. Израилдин аракеттери абалды нормалдаштырууга көмөктөшпөйт, болгону экстремисттерди ооздуктоодо палестин полициясынын ишине каскак келтирет, деп билдирди Аббас.

XS
SM
MD
LG