Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:29

Бомбейдин көчөлөрүндө бүгүн миңдеген адамдар катышкан демонстрация болуп өттү.


Шаардын тургундары элүүдөн ашуун кишинин өмүрүн кыйган террордук акцияга каршы нааразылык билдиришти. Бул иш үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек. Индиянын бийликтери бул кандуу булоонду радикалдуу ислам топтору уюштурду деп болжолдошот. Ушул эле күнү Кашмирдин административдик борбору Сринагарда бомба жарылды.Полициянын айтымында,эч ким жабыркаган жок. Бул иш Индиянын премьери Атал Бихари Важпаи Сринагарга келерден бир сааттай мурда болду. Индиянын өкмөт башчысы бул жерде штаттын жетекчилери менен эки күндүк жыйын өткөрөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG