Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Эл аралык терроризмге каршы күрөш акыр аягына чейин улантылат.


Бул тууралуу АКШ президенти Жорж Буш шейшемби күнү Сент-Луис шаарында аскер ветерандары менен жолугушуу учурунда билдирди. Багдадда ООНдун кызматкерлерине кол салган акцияны айыптап, Буш муну террористтердин дүйнөлүк цивилизацияга каршы жарыялаган согушу деп атады. Кошмо Штаттары чоң чыгымдарга учурап жаткандыгына карабастан Ирактан кетпейт. Террордун коркунучу алка-жакадан алып турганда артка кайтуу алардын чабуулдары ого бетер арбын жана адисинен ашынган мүнөзгө өтөт дегенди гана билдирет,артка кайтканга болбойт, деп айтты Буш.

XS
SM
MD
LG