Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:11

Бүбүкан Досалиева, Прага АКШнын мамлекеттик департаменти Иранды өзөктүк жайларын текшертүүгө тезинен макулдук берүүгө чакырды. Андан тышкары текшерүү алдын – ала эскертилбей тургандыгын кыйытты. Мамлекеттик департаменттин бул тууралуу маалымат тараткан өкүлү Филип Рикер Иран өзөктүк куралдарды таратпоо жөнүндөгү кошумча протоколго кол коеруна ишенбей тургандыгын баса белгиледи. Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун Атом энергетикасы боюнча агенттиги Ирандын Натанц атомдук электр станциясынан тазаланып, өндүрүшкө даярдалган урандын издери табылгандыгын жарыя кылды.

Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик шейшембиде тараткан маалыматка караганда, агенттиктин өкүлдөрү тапкан байытылган уран өзөктүк дүрмөттү жасоого колдонулат жана бул Ирандын өзөктүк программасынын опурталдуу багыттары бар экендигинен кабар берет.Ал тууралуу МАГАТЭнин басма сөз катчысы Мэлисса Флеминг мына буларды билдирди:

- Натанц электр станциясында өтө жакшы байытылган урандын издери табылды. Бул урандын мурдатан колдонулуп келаткандыгын көрсөтөт. Бирок, ал жабдуулар менен кошо башка жактан келген болуш керек деген күмөн ойду да жаратууда. Ушундан улам азыр биз байытылган урандын изи кайдан келгендигин так биле албай жатабыз. Ошон үчүн биз дагы текшерүү жүргүзүп, сурообузга так жооп алабыз деген үмүттө турабыз.

Анын айтымында, байытылган урандын изинин табылышы Ирандын өзөктүк программасы бейпил турмушту жакшыртууга чын эле багытталгандыгынан шек туудурат.

- Байытылган уран атомдук куралдарды жасоого колдонулуучу негизги бөлүк. Аны бейпил турмушта, адамдардын жашоосуна колдонууга зарылдык жок. Эксперттер муну иликтешет.

Ирандын расмий бийлик жетекчилери менен Натанц атомдук станциясынын өкүлдөрү электр станциясында табылган урандын издери кайдан чыккандыгын талкуулашкан жок. Бирок, расмий өкүлдөр урандын издери Иран башка өлкөлөрдөн сатып алган жабдууларда мурда болушу мүмкүн экендигин айтып чыкты. Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктеги Ирандын өкүлү Али – Акбар Салехтин айтымында да, уран Иранга башка өлкөлөрдөн жабдуулар менен кошо келиши толук мүмкүн жана Иран ал жабдуулар кайсы өлкөлөрдөн, качан алынып келингендиги тууралуу маалыматтарды бере алат. Андан тышкары Али – Акбар Салех Иран өзөктүк куралдарды таратпоо тууралуу кошумча протоколго кол коюуга ниеттенип калгандыгын дагы кабарлады.

Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин юрист - эксперттери Иранга ушул айдын башында барышкан. Алардын максаты өзөктүк куралдарды жайылтпоо тууралуу кошумча протоколго кол коюунун жол – жоболорун Ирандын расмий бийлик жетекчилери менен талкуулоо болгон. Иран аларды өз өлкөсүнө киргизүүгө АКШнын, Орусиянын жана Европа Биримдигинин кысымынан кийин гана макул болуп, өзү чакырык жиберген. Кошумча протоколго Иранды кол койдурууга кысым жасоого АКШ баштаган эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусу түрткү болууда. Айрыкча, Ирактагы согуш башталаар алдында АКШнын президенти Жорж Буш “эл аралык терроризмдин күч алышына үч мамлекет – Ирак, Түндүк Корея жана Иран шыкакчы болуп жатат” деп, үчөөнү “балакеттин үчилтиги” деп атагандыгы да өбөлгө түзүүдө. Ушундан улам МАГАТЭ Ирандын өзөктүк куралдарды жайылтпоо тууралуу кошумча протоколго кол коюшун, аны негизинде Бириккен Улуттар уюмунун текшерүүчүлөрүнүн Ирандын өзөктүк жайларын толук иликтөөсүнө уруксаат берүүсүн талап кылып жатат. Ал эми Иран болсо өлкөгө азыркы учурдагы акыркы өзөктүк технология берилген күндө гана макул болорун билдирип, моюн толгоп турат.

Эл аралык саясат таануучулардын баамында, эми байытылган урандын издеринин табылышы кошумча протоколго кол коюуга Иранды мажбур кылышы толук мүмкүн. Бул маселеге акыркы чекит эми МАГАТЭнин сентябрь айында боло турган жыйынында коюлат деп жатышат. Анткени, МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программасы боюнча атайын докладын ошондо жарыя кылат.

Ал эми Иран өзүнүн өзөктүк программасынын максаты бейпил турмушка, өз элинин бакубат жашоосун камсыз кылууга гана багытталган деп кан какшоодо. АКШ баштаган дүйнөдөгү көп мамлекеттер буга макул эмес. Буга бир чети Ирандагы эскичил көз караштагы саясатчылардын Ирандын атомдук өз программасы бар экендигин айтып бой көтөргөндүгү, эгер эл аралык коомчулук кысымын токтотпосо өзөктүк куралдарды жайылтпоо тууралуу келишимден биротоло чыгып кетебиз деп коркуткандыгы негиз берүүдө.

Андан тышкары Тегерандын электр энергиясын өндүрүүгө гана колдонулат дегенине негиз берчү атомдук реакторлор боюнча калыптанган программасы жок. Атомдук реакторлорду чыгаруу боюнча Бушерде курула турган ишканасы үчүн да байытылган уран зарыл эмес. Ага керек каражаттардын бардыгын Орусия өзөктүк отуну менен кошо жеткирип жатат. Аналитиктер ушундан улам Иран бул ишкананы куруп туруп, бара - бара өзөктүк курал чыгаруу максатын ишке ашырууну көздөп жатат деп түкшүмөлдөп жатышат.
XS
SM
MD
LG