Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:29

КЫРГЫЗ ОППОЗИЦИЯСЫН ӨЗ ЧАБАЛДЫГЫ ӨКСҮТҮҮДӨ


Британдык «Экономист» апталыгы өткөн айдын этегинде Борборазиядагы саясий кырдаалга арналган көлөмдүү макаласында жергиликтүү оппозициялык партиялар чачыранды жана чабал болгондон улам региондогу авторитардык өкмөттөргө теңтайлаш күч боло албай жаткандыгын белгилеп көрсөткөн эле. «Экономист» аларды өз алсыздыгынан азар көрүп жаткан азапкерлер деп атаган. Британдык басылманын мындай баасына, асыресе, Кыргызстандагы оппозициялык партиялар да арзыган.

Өткөн аптада өлкөнүн түштүгүндөгү Аксы районунда өткөрүлгөн кезектеги курултайда айрым партиялар 2005-жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоого камылга көрүүнүн аңытында өздөрүнүн стратегиясы менен тактикасын аныктаганга аракет кылышты. Жыйынга катышкандар бир блокко бириккенде гана өлкөдөгү абалдагы өзгөртө аларын белгилешти. «Асаба» партиясынын лидери, парламенттин депутаты Азимбек Бекназаров мунун өнөгөсү катары былтыр жайда түзүлгөн “Акаевге – отставка, эл үчүн – реформа” аттуу кыймылды көрсөттү. Бекназаровдун баасында, өткөн жылдагы курултай Кыргызстандын тарыхында жоон топ саясий күчтөрдү биринчи ирет бириктирген форум болду. Аталган кыймылдын айрым мүчөлөрү кийин президент түзгөн конституциялык кеңешке кирип, азыркы режимди өзгөрткөнгө аракет кылышты. Ошол эле учурда Бекназаров оппозициялык бардык партияларды бириктиргенге азырынча мүмкүн болбой жаткандыгын моюнга алды жана бийликти жактабаган күчтөрдү тыгыз кызматташканга чакырды.

«Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев болсо бирдиктүү платформаны азыркы режимди өзгөртүү милдетинен көрөт. Анын сөзү боюнча, “президент Акаев түзгөн бийлик Кыргызстанды шоркелдей мамлекетке айлантты”. “Азыр элдин 90 проценти жакыр жана кедей,- деп айтты белгилүү оппозиционер. - Муну жадесе бийликтер өздөрү да моюнга алышат, бирок жакырлардын саны 55-60 процентти түзөт деп атайылап азайтып айтышат”.

«Арнамыс» партиясынын абакта жаткан лидери Феликс Кулов оппозиция аттуунун баарын бириктирүү мүмкүн эместигин түшүнөт. Ошентсе аларды ортоктоштура ала турган бир канча маселе бар экенин белгилеп, алардын ичинен биринчи кезекте адам укуктарын, андан соң өлкөдө авторитардык режимдин бекемделишине жол бербөө милдетин атады.

Бийлик өкүлдөрү, арийне,оппозициянын ой-пикирлерине макул эмес.Өкмөттүн вице-премьери Курманбек Осмоновдун сөзүнө ылайык, «экономика жаман эмес, жакшы эле. Аба ырайынын катаалдыгына карабастан айыл чарбасындагы, башка тармактардагы көрсөткүчтөр деле дурус болуп жатат. Андыктан өкмөттүн отставкага кетишине эч кандай жүйөө жок».

Айтмакчы, “Экономист” апталыгы оппозициялык партиялар реалдуу альтернативаларды сунуш кылганга караганда адам укуктарынын бузулушуна жана демократиялык реформалардын жетишсиздигине аздыр-көптүр каяша кылып келатканын белгилейт. Бирок алар саясатын таасын аныктай албагандыктан бекем структурага айлана элек, калк арасында колдоосу аз. Ошол себептен чачкын жана чачыранды саясий фракцияларды шарттуу түрдө гана оппозициялык партиялар деп атаганга болот. Шайлоого чейинки алдыдагы эки жылда оппозициялык фракциялардын бирдиктүү, күчтүү саясий альянска айланары да күмөн.

Региондогу башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда 90-жылдардын орто ченине чейин оппозициянын жигери бир топ эле таасын байкалган. Бирок дал ушул фактордун өзү режимдин авторитардуу мүнөзүн күчөттү. Натыйжада жакынкы аралыкта бийликти алмаштырганга жараган реалдуу саясий күч дээрлик калган жок. Мунун өзү деги өлкөдө демократиялык адилеттүү системага жеткенге перспектива барбы?-деген соболду пайда кылат.

Буга байланыштуу “Экономист” чет элдик бир дипломаттын пикирин келтирет. Ал көңүлдө чамаланган өткөөл мезгилдин календарын өзгөртүү зарыл деп эсептейт. Бирок бул үчүн, анын ишениминде, дагы бери эле дегенде 10-15 жыл керек болот.
XS
SM
MD
LG