Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

БОРБОРАЗИЯ: РЕФОРМАЛАР ЭМНЕГЕ ТОКТОП КАЛДЫ?


Британдык «Файнэншл таймс» гезити апта башындагы санында Борборазиядагы жагдайга кайрылды. Макалада, атап айтканда, региондогу саясий жана экономикалык реформалар баштагы арымынан жанып, токтоп калганы белгиленет. Мунун себебин газета Кошмо Штаттары менен батышевропалык өлкөлөрдүн региондогу соңку жылдардагы саясатынан көрөт.

Терроризмге каршы согушта өзүнө өбөк-жөлөк болор өнөктөрдү тапканы, ошондой эле Ооганстанда талиптердин режимин кулатканы Кошмо Штаттары Өзбекстанда жана Кыргызстанда аскер базаларын түздү, региондогу башка мамлекеттер менен мамилесин чыңдады, деп жазат “Файнэншл таймс”. Муну менен Вашингтон бир эле учурда казактар менен түркмөндөрдүн табигый ресурстарына жеткенге да жол ачты, жалпы эсепте келип алиге чейин Россия үстөмдүк кылып, коңшулаш Кытайдын такай көңүл тушунда турган Борборазиядагы таасирин кеңейткенге жетишти. Элүү миллиондуу мусулман калк жашаган бул аймак тууралуу аздыр-көптүр маалыматы бар америкалык бир катар саясатчылар региондогу лидерлер экономикалык жана саясий реформаларды ыкчамдатат, анын аркасында калктын турмушу жакшырат, коомдук баракатчылык чыңдалат деп үмүт кылышкан эле. Бирок иш алар ойлогондой болгон жок, деп көрсөтөт газета. Реформалар сазга баткан арабадай ордунан жылбай калды. Борборазиянын тургундары ушу тушта мындан он жылдай мурдагы совет мезгилине салыштырганда алда канча жакыр жана кедей жашайт. Региондогу бир дагы республика дале болсо 1990-жылга чейинки экономикалык деңгээлге чендей элек. Алардын баарын иш жүзүндө диктаторлук режимдер башкарат.
Америкалыктар мурдагы партиялык-советтик аппараттын тонун кийип торолгон борборазиялык лидерлер алеки саатта эле демократ болуп кетпей тургандыгын билишкен, деп ырастайт “Файнэншл таймс”. Ошондуктан аларды ашып эле барганда түштүккореялык автократтардан болор, бирок эң башкысы ошолор өңдөнүп экономиканы оожалтып өстүрсө болду, калганы бара-бара оңолот деген көмүскө баккан ой Батышта күчтүү эле. Акыркы жылдардын тажрыйбасы мындай перспективаны алда канча ыраактатып таштады. Региондогу бардык өлкөлөрдүн жетекчилери референдумдарга жамынып, өздөрүнүн бийликтеги мөөнөтүн узартып алышты, айрымдары өмүр бою президенттик үстөлдө калгысы келерин жашырып-жабышкан деле жери жок. Жада калса аймактагы бир кыйла либералдуу көрүнгөн Казакстан менен Кыргызстан, эл аралык абройлуу уюмдардын, анын ичинде Freedom Houseтун баасында, шайлоо процесси, граждандык коом, башкаруу жана басма сөз эркиндиги сыяктуу чөйрөлөрдө мурдагы позицияларынан кескин кетенчиктеп кетишти. Өзбекстан диктатордук режим бойдон калды, Түркмөнстан – сталинизмдин карикатурасына айланды. Ич ара согуштан бүлүнүп, жаңыдан гана жайчылык турмушка киришкен Тажикстандын келечеги азырынча бүдөмүк.

Чет элдик эксперттер региондогу кырдаалдын кескин начарлашын 11-сентябрдын салакасы деп эсептешет. Кошмо Штаттары менен анын батышевропалык союздаштары борборазиядагы антилибералдык жосун-жолойлорго ошондон тарта көз жумуп карап калды. Мунун баары, деп айтылат Файнэншл таймстагы” макалада, АКШнын бир кезде Латын Америкасындагы, Түштүк-Чыгыш Азиядагы жана Жакынкы чыгыштагы тажрыйбасын эске салат: экономикалык каатчылыктан мукураган борборазиялыктар жергиликтүү диктаторлорго итатайы тутулуп, аларды колдогон Вашингтонго ичи сууп баратат. Кошмо Штаттардын региондогу азыркы саясатын бир кезде Ирандагы шахтын режимин калкалаган иштерге салыштырган ой-пикирлер кеңири тамырлай баштады, деп жазат газета.
Ошентсе да, “Файнэншл таймстын” пикиринде, Борборазиядагы оюндар али бүтө элек. Исламчыл экстремизмдин таасири бул чөлкөмдө мусулман дүйнөсүндөгү башка аймактарга салыштырмалуу кантсе да чектелүү мүнөзгө ээ. Анын үстүнө адам укуктары жана демократия жөнүндөгү Кошмо Штаттары менен батышевропалык өлкөлөрдүн үйүтүнө ийиген, ага ишенич арткандар борборазияда дале аз эмес. Андан калса жалпы Батышка азыр мусулман дүйнөсүнүн кайсы бир чөлкөмүндө оң маанидеги өнөгө өзгөчө керек болуп турат. Бирок бул иште бир проблема бар, атап айтканда, демократиялык өнүгүүнүн айныксыз шарттарын Вашингтон өзүнүн коопсуздук чөйрөсүндөгү кызыкчылыктары менен төп келтире албай жатат, деп көрсөтөт газета.
XS
SM
MD
LG