Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

Журналисттерди сотко берүү Таласта да башталды


ТАЛАС. 28-август. Бул күнү Талас шаардык сотунун төрагасы Анарбек Коңгайтиевдин териштирүүсүндө «Эркин тоо» газетасынын Талас облусу боюнча өз кабарчысы Батыркул Боромбаевдин жана «Агым» газетасынын дубандагы кабарчысы Козубек Иманкуловдун үстүнөн соттук териштирүү башталды. Эки журналисттин үстүнөн сотко Талас шаардык элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кенжаалы Орозалиев 30-июль күнү арыз берген. Арызда бул эки журналист жарыялаган макалаларында Орозалиевге коррупционер, ичип-жегич деген сыяктуу бир нече адилетсиз күнөөлөрү коюп келгендиги жазылган. Арыз ээси «Агым» газетасынын кабарчысынан 300, «Эркин Тоо» газетасынын кабарчысынан 100 миң сом өндүрүп берүү өтүнүчүн билдирген. Соттук териштирүү 3-сентябрда улана турган болду. Бул Талас облусунда журналисттердин үстүнөн болгон биринчи сот процесси.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG