Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:24
ЖАЛАЛАБАД. 28-август. Жалалабад шаардык сотунда каралып аткан соттук териштирүүдө Базаркоргон райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун директору Төлөгөн Абдуллаев соттун басылмалар менен жарашуу сунушун макул тапкан жок. «Фергана» гезити менен «Права для всех» басылмасында ушул жылдын май айында өзбек, кыргыз, орус тилдеринде «Базаркоргончо тазалоо» деген макала жарыяланган. Аны Т.Абдуллаев адамдык ар-намысыма шек келтирди деп сотко доо арыз менен кайрылган. Адамдык укугун коргоп басылмалардын ар биринен 50 миң сомдон, макала автору Азимжан Аскаровдон 100 миң сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Макала автору Жалил Сапаров, гезиттин башкы редактору Бакыт Орунбеков макала күбөлөрдүн түшүнүк кат арыздарынын негизинде жазылгандыгын жана макаладагы фактылар облустук комиссиянын текшерүүсүндө аныкталгандыгын билдиришти. Төлөгөн Абдуллаев облустук комиссиянын чечимин бир жактуу деп эсептейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG