Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

«Кант» авиабазасы кеңейет


БИШКЕК. 28-август. Канттагы авиабазага КМШ жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн ыкчам аракеттенүү күчтөрүнүн аскер-аба күчтөрүнүн учактары 24-октябрдан жайгаштырыла баштайт. Бул тууралуу 28-августта премьер-министр Николай Танаев Орусия делегациясы менен болгон жолугушуу учурунда маалымдады. Канттагы авиабазаны ачуу аземине Орусия президенти Владимир Путиндин да келиши күтүлүүдө. Буга чейин КМШ жамааттык коопсуздук уюмуна кирген өлкө жетекчилеринин уюмдун авиациялык колдоосун Кант абамайданында жайгаштыруу жөнүндөгү чечими тиешелүү регламенттен өттү. Кыргызстандын коргоо министрлигинен алынган маалымат боюнча, Орусиянын авиабазасын Кантта жайгаштыруу тууралуу Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы макулдашууга сентябрь айында Бишкекте кол коюлушу күтүлүүдө. Канттагы аскердик шаарчага Орусиянын аскердик жана граждандык персоналы жайгаштырылат. Келишимге ылайык Кантта Орусиянын 500 аскер кызматкери бар.

XS
SM
MD
LG