Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:18

Мартин Лютер Кингдин атактуу сөзүнүн сүйлөнгөнүнө 40 жыл толду.


Бүгүн - америкалык саясатчы Мартин Лютер Кингдин атактуу сөзүнүн сүйлөнгөнүнө 40 жыл толду. 1963-жылы америкалык каралар Вашингтонго жөө жүрүш жасагандан кийин, Линкольн борборунун жанында чогулган 200 миң адамдын алдында Кинг 28-августта чыгып сүйлөгөн:

"Кара менен актар, жөөттөр жана жөөт эместер, католиктер менен протестанттар баары биригип, кол алышып, 'Биз эркинбиз!' деген ырды ырдай түурган күнгө биз баары бир жетебиз!"

1964-жылы Мартин Лютер Кингге Нобел сыйлыгы ыйгарылган, 1968-жылы болсо ал атып өлтүрүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG