Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Иракта дагы үч коалициялык аскер атып өлтүрүлдү.


Иракта кечээ кечинде жана бүгүн болгон куралдуу кагылышуулардан эки америкалык жана бир британиялык аскер курман болду. Багдад шаарында америкалык күзөткө кол салынган, ал эми экинчи америкалык солдат Фаллужа шаарындагы жардыруудан курман болду. Британиялык солдат болсо, Али ас-Шарки шаарындагы митингди таратуу маалында атып өлтүрүлгөн. Коалициялык аскерлердин басма сөз катчысы Гай Шилдстин айтымында, күн сайын өлкөдө ондон ашык кагылышуу болуп жатат.

XS
SM
MD
LG