Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:50

ТҮНДҮК КОРЕЯНЫН ӨЗӨКТҮК КУРАЛЫНА БАЙЛАНЫШТУУ КЫТАЙДАГЫ СҮЙЛӨШҮҮЛӨР


Айданбек Акмат уулу, Прага Кытайда шаршемби күнү Түндүк Кореянын өзөктүк куралына байланыштуу алты тараптуу сүйлөшүүлөр башталды. Бүгүн Америка, Кытай, Орусия, Жапония , Түндүк жана Түштүк Корея мамлекеттеринин делегаттары күн тартибиндеги маселени талкууну улантат. Сүйлөшүүлөрдүн алгачкы күнүндө кандай окуялар болду?

Бээжиндеги сүйлөшүүлөр жабык эшик артында өтүүдө. Анда эмне болуп жаткандыгы жөнүндө маалымат сүйлөшүүгө катышып жаткан дипломаттык булактардан гана алынууда. Ал маалыматтарга караганда, сүйлөшүүлөрдүн алгачкы күнүндө алты мамлекеттин делегаттары өз өкмөттөрүнүн позицияларын ортого салышты. Алардын ичинде Корей жарым аралындагы кризистин жана мына ошого байланыштуу азыркы сүйлөшүүлөрдөгү негизги себепкерлеринен болгон Америка менен Түндүк Кореянын делегаттары да өз талаптарын ортомчулардын көз алдында бири-бирине түз айтышты.

Америка Кошмо Штаттары Түндүк Корея өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине кошулууга, массалык кыргын салуу куралына ээ болуу программасынан баш тартууга жана эл аралык инспекторлорду өлкөгө киргизүүгө макулдук бериш керектигин дагы бир ирет билдирди. Ал эми Пхеньяндын делегациясын жетектеген тышкы иштер министринин орун басары Ким Ен Ир Түндүк Корея менен АКШнын ортосунда кол салбоо тууралуу пактыга кол коюлмайын, андай кадамга барбасын кайталады. Американын дипломаты андай келишимге жетишүүдөн мурда Түндүк Корея өзөктүк куралынан баш тартып, эл аралык инспекторлордун өлкөнүн өзөктүк мекеме-ишканаларын текшерүүсүнө жол берүүсү керектигин эскертти. Вашингтон карманган мына ушундай позицияда Жапония жана Түштүк Корея да турат.

Сүйлөшүүдөгү орус делегациясынын башчысы, өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Александр Лосюковдун пикиринде, эгерде тараптар бири-бирине карай кадам таштабаса, анда сүйлөшүүдө ийгиликке жетүү мүмкүн эмес.

Алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алгачкы күнүнүн расмий бөлүгү аяктагандан кийин АКШнын делегациясынын жетекчиси, мамлекеттик катчынын жардамчысы Жеймс Келли Түндүк Корея делегациясынын башчысы Ким Ен Ир менен 30 мүнөттөй бейформал түрдө жолугушту. Муну АКШнын мамлекеттик департаментинин маалымат кызматынын өкүлү Филип Рикер минтип тастыктады:

- Американын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Жеймс Келли Түндүк Кореянын өкүлү менен бейформал түрдө шаршембиде кечке жуук жолугушту. Анда башка Түндүк Корея менен эки тараптуу расмий жолугушуу болгон жок.

Вашингтондун делегациясынын Пхеньяндын өкүлү менен расмий жолугушуудан баш тартышы татаал сүйлөшүүлөрдү ого бетер кыйындатты, бирок тирешкен эки мамлекеттин делегаттарынын бейформал түрдө жолугушуусунун өзүн ийгилик, деп баалашууда эксперттер.

Сүйлөшүүнүн экинчи күнүнүн башында бүгүн Түндүк Корея менен Жапониянын делегаттары бейформал жолугушуп, өз ара пикир алмашты. Андан кийин көп тараптуу сүйлөшүүлөр улантылды. Мурда белгиленген тартипке ылайык, ал жума күнү соңуна чыгууга тийиш.

Эксперттердин пикиринде, жума күнү тараптар сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундун өткөрүүгө макулдашып, анын мөөнөтүн белгилешсе-Бээжиндеги жараяндын аз болсо да ийгиликке жетишкенин айтууга болот.

Корея жарым аралындагы кризис Түндүк Корея өткөн жылы өзөктүк куралга ээ болуу программасын кайра турмушка ашыра баштагандан кийин башталган. Америка Кошмо Штаты Түндүк Кореяны Иран, Ирак менен катар “карасанатай мамлекеттердин” тизмесине кошуп, Пхеньяндын коммунисттик режими өзөктүк куралды жайылтуусунан, анын террордук уюмдардын колуна түшүп калуусунан чочулап жатат.

XS
SM
MD
LG