Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

Нарын АЙЫП, Прага 29-августта Бээжин шаарында - Түндүк Кореянын өзөктүк куралга ээ болуу маселеси боюнча өткөрүлгөн биринчи эл аралык сүйлөшүү аяктады. Ага катышкан дипломаттар - эки айдын ичинде экинчи сүйлөшүү өткөрүү тууралуу макулдашты, бирок касташкан эки тараптын - Вашингтон менен Пхеньяндын - туруму катуу бойдон калууда.

Үч күнгө уланган сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эч кандай документ кабыл алынган жок жана ар бир тарап өз турумунда калды. Бирок бардык байкоочулар жана катышуучулардын пикиринде, сүйлөшүүнүн болгону жана анын учурунда эч ким эшикти тарс жаап чыгып кетпегени эле жетишкендик, анткени Пхеньян жарым жыл бою эл аралык жолугушуу өткөрүүгө каршы чыгып, Вашингтон менен эки тараптуу гана сүйлөшө турганын айтып келген. Август айынын башында гана Түндүк Корея көп тараптуу сүйлөшүүгө макул болду жана Бээжинде жолугушууларды улантууга каршы чыккан жок.

Орусиянын сүйлөшүүгө катышкан өкүлү, тышкы иштер министринин орун басары Александр Лосюковдун айтымында, мунун өзү эле алгылыктуу жетишкендик:

- Сүйлөшүү деги эле орун алганы жана ал канчалык татаал болсо дагы, иштиктүү өткөнү оң натыйжа. Жолугушууларды улантууга Түндүк Кореянын өкүлдөрү жалпысынан макул болду, бирок менин пикиримде, алар Пхеньяндагы жогорку жетекчилик менен ал тууралуу дагы сүйлөшүүгө тийиш.

Бээжиндеги сүйлөшүүгө АКШ менен Түндүк Кореядан тышкары дагы төрт мамлекет - Жапания, Кытай, Орусия жана Түштүк Кореянын өкүлдөрү катышты жана тараптар жолугушууда өз турумдарын дагы бир жолу расмий түрдө билдирип, талаптарын кайталады, бирок эч ким азырынча эч кандай кыюуга барган жок. Ошондуктан кореялык гана эмес, америкалык өкүлдөр дагы Вашингтондогу жогорку жетекчилик менен өз турумун тактоого мажбур сыяктуу. Кытай менен Орусиянын пикиринде, АКШнын туруму өтө эле катуу.

Вашингтондун айтымында, Түндүк Корея өзүнүн мурдагы милдеттенмелерин бузуп, өткөн жылдын октябрынан тартып өзүнүн өзөктүк курал өндүрүү программаларын кайрадан иштете баштады. Андан тышкары, өлкө өтө көп курал экспорттогондуктан, анда чыгарылган өзөктүк курал террорчулардын да колуна тийиши ыктымал, ошондуктан Пхеньян өзүнүн өзөктүк ишканаларын толук жана эч шартсыз жабууга тийиш. Ал үчүн Түндүк Кореянын башка бир нерсе талап кылганы болсо - таптаза опуза жана АКШ андай опузага эч качан алдырбайт.

Түндүк Кореянын тышкы иштери министринин орун басары Ким Ен Гилдин 29-августта Бээжинде сүйлөгөнүнө караганда, маселенин чыгышына Америка Кошмо Штаттары өзү күнөөлүү. Биринчиден, АКШ менен Түндүк Корея ортосунда 1994-жылы кол коюлган келишимди Пхеньян бузган эмес, бирок Вашингтон анын шарттарын толук аткарган жок. Келишим боюнча, Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн токтоткон, АКШ болсо өлкөдө эки аскерий эмес өзөктүк реактор куруп бермек, бирок курган жок. Экинчиден, 2002-жылдын башында президент Жорж Буш эч кандай негизсиз Түндүк Кореяны Ирак менен Иранга кошуп, аларды "балакеттин үчилтиги" деп атады.

Өткөн жылдын октябрында болсо АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Жеймс Келли Пхеньянга келип, Түндүк Корея өз милдеттенмелерин бузуп, өзөктүк программаларын жандантыптыр деп жарыялады. Бирок, Кимдин айтымында, чындыгында андай болгон эмес жана Пхеньянга мынчалык катуу басым жасалып жаткандыктан, ал өзүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, андан кийин гана өзөктүк курал өндүрүүгө киришти, анткени АКШ өлкөгө кол салууну көздөөдө.

Кимдин сөздөрүнө ылайык, эгер АКШ менен Түндүк Корея дипломатиялык мамиле түзүп, эки өлкө ортосунда - бир-бирине кол салбоо тууралуу келишим түзүлсө, Түндүк Кореяга өзөктүк куралдын кереги жок болот. Бирок АКШ өзөктүк программаларды эч кандай шартсыз жабууну талап кылууда, андай болгондо болсо, коопсуздугу кепилденбеген Түндүк Кореяга АКШ, Иракка каршы согуш ачкан сыяктуу, кол салышы мүмкүн.

Касташкан тараптардын турумдары мынчалык катуу болгондуктан, дипломатиялык сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө да учурашы ажеп эмес.
XS
SM
MD
LG