Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:35

МАМЛЕКЕТТИК ЖЫЛДЫН УРМАТЫНА ОКУЛГАН ЖУМА НАМАЗ


29-августта Бишкектин «Алатоо» аянтында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгынын урматына жума намаз окулду. Диний жөрөлгөгө республикадагы элчиликтердин өкүлдөрү, диний жетекчилер, расмий бийлик адамдары катышты. Кенен аянтка толо кылкылдаган көпчүлүк алдында элдердин ынтымагы, кыргыз мамлекеттигинин улуу тарыхы, балакатка жеткен эгемендик тууралуу жылуу сөздөр айтылды, республика калкынын өнүгүп-өсүшүнө тилек-каалоолор билдирилди.

Ленин эстелиги алынгандан кийинки чоң иш-чара 29-августта «Алатоо» аянтында өттү. Кенен аянтка жык толгон кары-жаш кыргыз мамлекеттүүлүгү, эгемендиктин барк-баасы, улуттук өз алдынчалуулуктун сыймыгына бөлөнүп тургандай сезилди. Чүй облусундагы мусулмандар казысы Сайпидин ажы жасалып аткан жөрөлгөнүн маани-жайын момундайча чечмеледи:

- Мына бүгүн Бишкектин «Алатоо» аянтында жума намаз окудук. Бул мамлекеттүүлүгүбүздүн 2200 жылдыгына, эгемендикке ээ болушубуздун 12 жылдыгына арналып жасалып аткан иш.

Өкмөттүн дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Өмүрзак Мамаюсупов мусулмандарга майрамдык куттук айтты:

- Бүгүн бул жерде Чүй облусунан, Бишкектен мусулмандарды, жаш-карыларды чакырып жума намаз окулуп жатат. Жума намаз баштатан окулуп келаткан майрамдык намаз. Аны кайда окууну жетекчилик өзү тандайт. Бүгүн майрамдык маанай өкүм сүрүп турат.

Чогулган элдин алдында Бишкек казысы Абдыманап ажы куттук айтты:

- Мамлекетибиздин 2200 жылдыгына дуба кылып коёлук деп мына ушул күндү эңседик эле. Мына Алла Таала насип кылып, шаарыбыздын мусулмандары – бардыгы ушул жерде чогулуп турат.

Бишкектеги Ислам университетинин ректору Нийматулла ажы:

- Бүгүнкү Алла Таала насип кылган кош майрамыбыз куттуу болсун!

Кыргызстан муфтийи Мураталы ажы:

- Мамлекеттүүлүгүбүздүн 2200 жылдыгы улуу майрам, чоң салтанат. Өз алдынча эгемендикке жеткенибизге 12 жыл толду. Ушул майрамыңыздар куттуу болсун! Биздин кыргыз мамлекетибиз кечээги эле мамлекет эмес, биздин тарыхыбыз тереңден башталарын билдик. Мына бүгүнкү күнгө чоң майрамга туш келдик.

Республика мусулмандарын расмий бийлик атынан президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков куттуктады:

- Диний кызматкерлердин жүргүзүп жаткан ишин бардыгыбыз жакшы билебиз. Алардын иши элибиздин келечеги кең болсун, өсүп келаткан жаңы муун таза болсун, биздин мамлекетибиз мындан да жакшы өркүндөп-өссүн деген тилек менен жүргүзүлүп жатканын билебиз, алардын ишин бардыгыбыз колдойбуз, баарыбыз колубуздан келген ишибизди жасап жатабыз.

Алматы шаарынын казысы Абдысатар ажы:

- Урматтуу кыргызстандык боордоштор! 2200 жылдык торколуу тойлоруңуз куттуу болсун! Алла Таала 2200 жылдык тоюңуздарды кабыл кылып, узагынан сүйүндүрсүн! Кыргыз-казак калкы, казак-кыргыз калкы, Алатоонун эки өңүрүндө 2200 жылдан узак бир боор калк катары мамыр-жумур бирге өмүр сүрүп келатат. Андай болгон соң сиздердин 2200 жылдык тойлоруңуз биздин да тойлорубуз деп эсептейбиз. Сиздердин кубанычыңыздар биздин да кубанычыбыз.

Кыргызстандагы чет өлкөлөрдүн элчиликтеринин атынан Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Музаффар Эроктем куттуктады:

- Бүгүн бул жерге кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата Кудайга сыйынуу, тилек айтуу үчүн чогулдук. Майрамыңыздар менен куттук айтабыз!
XS
SM
MD
LG