Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:10

Мындан туптуура 40 жыл илгери, 1963-жылдын 28-августунда Вашингтондо өткөн жөө жүрүш учурунда Мартин Лютер Кинг "келечекте адамдар актар менен караларга бөлүнбөстөн, тең укуктуу болуп жашап калаар" деген учкул кыялын айткан эле. Ушул аптада ошол тарыхый сөздөр айтылган жерде миңдеген америкалыктар чогулуп, АКШдагы расалар аралык мамилелердин абалы, бул маселедеги жетишкендиктер менен проблемаларды талкуулашты.

Дээрлик бүт өмүрүн негрлердин укуктары үчүн күрөшкө арнаган атактуу Мартин Лютер Кингдин 1963-жылы 28-августта Абрахам Линкольндун эстелигинин алдында сүйлөгөн сөздөрү Американын тарыхына ташка тамга баскандай эле кирип калды.

- Менин бир аруу тилегим бар. Ал америкалыктардын түпкү кыялынан келип чыккан тилек. Ал кыял – бир күнү биздин элдин түп көтөрүлө аң-сезими ойгонор. Ошондо биз көптөн бери күрөшүп келаткан "бардык адамдар тең укуктуу болуп төрөлөт" деген чындык акыры жеңет, -
деген Вашингтондогу жөө жүрүшкө чыккан миңдеген адамдар алдында Американын ХХ кылымдагы көрүнүктүү саясатчыларынын бири.

Ал күнү, 1963-жылдын 28-августунда Вашингтондо өлкөнүн ар башка аймактарынан келишкен 250 миңдей адам АКШдагы расалык кемсинтүүнү токтотууну талап кылып жөө жүрүшкө чыгышкан. Алар АКШда негрлер билим алууда, жумушка орношууда, дегеле күнүмдүк жашоодо ак адамдар тарабынан басмырланып келатканын айтып, нааразылык билдиришкен.

Ошол окуядан 40 жыл өткөн соң, быйыл 28-август күнү Абрахам Линкольндун эстелиги алдында жана өлкөнүн ар башка аймактарында чогулган адамдар АКШдагы бүгүнкү абалды, дүйнө жүзүндө ар түрдүү расалар ортосундагы мамилелердин акыбалын сөз кылып жатышты. 1963-жылкы жөө жүрүштүн айрым катышуучулары 40 жыл ичинде Америкада актар менен каралар ортосундагы мамиле кыйла жакшырганы менен, Мартин Лютер Кингдин кыялы ишке ашышына дагы көп бар деген пикирлерин айтышты.

Мисалы, ал жүрүштү уюштуруучулардын бири болгон, азыр афро-америкалыктардын укуктарын коргоо боюнча "Шаардык лига" деп аталган уюмдун президенти Билл Спригс Америка коомунда дагы эле адилетсиздик көп экенине, негрлер айрыкча жумушта расалык дискриминациядан жабыр тартаарына көңүл бурду:

- Бардыгы өзгөрдү, азыр эми, албетте, 1963-жыл эмес. Ал жөө жүрүштүн эң башкы жетишкендиги – негрлер үчүн жаңы мүмкүндүктөрдүн эшиги ачылган. Көркөмдөп айтканда, "Кингдин кыялынын" балдары да өсүп-жетилишти.

Андан аркы сөзүндө ал азыркы тапта АКШда миңдеген негрлер университеттер менен аспирантураларда окуп жатышканын, атүгүл алардын Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл жана Президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс өңдүү өкүлдөрү мамлекеттеги эң жогорку кызматтарды аркалап жатканын белгилей кетти. Мындан 40 жыл мурда мындай көрүнүштөрдү элестетүү да мүмкүн эмес эле.


1965-жылы АКШ Конгрессинин мүчөлөрүнүн алтоо негр болсо, азыр алардын саны 38. Андан тышкары Американын ар башка штаттарында 9000ден ашуун негр ар түрдүү мамлекеттик кызматтарга шайланышкан. 1963-жылы "Ньюсуик" журналынын иликтөөсү америкалыктардын 74% актар менен каралардын жакындашуусуна каршы маанайда экенин көргөзсө, былтыр "Нью-Йорк таймс" гезити өткөргөн сурамжылоодо калктын 93% шайлоодо мыкты сапаттарын көргөзө алса, ойлонбой туруп негр талапкерге добуш берээрин айтышкан. Ошондой эле америкалыктардын 60% негрлер менен актардын аралаш үй-бүлөлөрү көбөйүшүн жакташкан.

1996-жылы АКШ өкмөтү Мартин Лютер Кингдин туулган күнүн – 15-январды – Американын улуттук майрамы катары белгилөө жөнүндө жардыгын жарыялады.


Кингдин 1963-жылкы Вашингтондогу жөө жүрүшү алдында Роза Паркс аттуу 43 жаштагы негр аял автобуста ак кишиге орун бербей койгон үчүн түрмөгө кесилип, Миссисипи штатында Тилл аттуу жаш негр жигит ак кызга тийишип, ышкырып койгон үчүн зөөкүрдүк менен өлтүрүлгөн болчу. Азыр андай акылга сыйгыс окуялар учурабаса да, америкалык негрлер Мартин Лютер Кингдин кыялы толук аткарылганча дагы көп бар деген пикирде. Айтсак, АКШда актарга караганда каралар арасында жумушсуздук эки эсе жогору, өлкөнүн калкынын 13% гана түзсө да, түрмөлөрдө отургандардын жарымынан көбү негедир негрлер. Балким, Кингдин: "Мен качандыр бир убакта Америкада адамдар терисинин өңүнө жараша эмес, адамдык жеке кулк-мүнөзүнөн улам соттолот деп кыялданам", - деген сөздөрү али актуалдуулугун жогото электир.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG