Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Кыргызча-кытайча сөздүк жарык көрдү


КАРАКОЛ. 29-август. Кыргыз мамлекетүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата Каракол шаарынын тургуну жазуучу Аман Саспаевдин кыргызча-кытайча сөздүгү 4 миң нускада жарык көрдү. Аман Саспаевдин айтымында, кыргызча-кытайча сөздүгүн ал 7 жыл такай отуруп түзгөн. Аталган эмгек 55 миң сөздөн, макал-лакаптардан жана сүйлөмдөрдөн турат. Ошондой эле сөздүктө 5 миңден ашуун кытай иероглифи бар. Ал сатыкка 1 миң сомдон ашык. Сөздүктүн жарык көрүшүнө Бишкек гуманитардык жана Ысыккөл мамлекеттик университеттери материалдык колдоо көрсөтүп, ага 700 миң сомго жакын акча каражаты жумшалган.

Алатоо кабарларын Бишкекте Аманбек Жапаров, Азиза Турдуева даярдашты.

Текстти редакциялаган Бекташ Шамшиев.

XS
SM
MD
LG