Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Эркиндик эстелиги орнотулду


БИШКЕК. 29-август. Эгемендүүлүктүн 12 жылдыгына, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналып Бишкектин борбордук «Алатоо» аянтындагы Лениндин эстелигинин ордуна колодон жасалган бийиктиги 11 метр, салмагы 7 тоннадан ашуун «Эркиндик» эстелиги орнотулду. Колуна түндүк кармаган канаттуу периште айымдын элесин чагылдырган эстеликтин автору белгилүү бедизчи Тургунбай Садыков. Аны жасоого Чуйков атындагы сүрөт окуу жайынын студенттери жаш бедизчилер Төлөн уулу Талант, Калык жана Дастан Мансуровдор катышкан. «Эркиндик» монументалдык эстелигинин салтанаттуу ачылыш аземи 30-августта өтөт.

XS
SM
MD
LG