Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:53

КМШнын эсеп палатасынын жыйыны Кыргызстанда өтөт


БИШКЕК. 29-август. 2-сентябрда КМШ мамлекеттеринин эсептөө палатасынын 8 төрагасы катышкан 4-сессиясы Бишкекте өз ишин баштайт. Бул тууралуу 29-августта Кыргызстандын эсептөө палатасынан маалымдашты. Сессияда улуттук бюджетти бөлүштүрүү жана анын натыйжалуулугун арттыруу тууралуу сөз болот. Бюджеттик акчаларды ойкелди сарптоо КМШ мамлекеттеринде көйгөйлүү маселе боюнча калууда. КМШнын эсептөө палатасынын жетекчилер кеңешинин төрагалык милдети Кыргызстандын эсептөө палатасынын жетекчиси Азамат Кангелдиевге тапшырылат. Сессия жыйынтыгында «Биргелешкен текшерүү иш-чарасын өткөрүү жана маалымат алмашуу» тууралуу келишимге кол коюлушу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG