Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө коопсуздук чаралары күчөтүлөт


БИШКЕК. 29-август. 31-августта Кыргызстанда эгемендүүлүктүн 12 жылдыгы белгиленет. Эгемендиктин күнү борбор калаада өлкөнүн ички иштер органдары тарабынан коопсуздук боюнча күчөтүлгөн чаралар көрүлөт. Бишкектин борбордук көчөлөрүндө транспорт жүрүшү чектелет. Ички иштер министрлигинен жума күнү маалымдалгандай, Бишкек гарнизонунун бөлүктөрү 25-августтан тарта күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Бул күндөрү ички иштер министрлигинин атайын кызматтары улуттук коопсуздук жана башка кызматтар менен бирдикте коомдук коопсуздукту, террордук акттарды же башка оор кылмыштарды болтурбоону камсыз кылуу үчүн комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG