Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:20

КЫРГЫЗ МЕКТЕПТЕРИНИН КӨЙГӨЙЛӨРҮ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстанда эгемендиктин алгачкы жылдарында кыргызча мектептер көп ачылып, алардын саны 1300дөн ашкан. Ата-энелер да балдарын эне тилде окутууга жапырт киришкен. Бирок соңку жылдары кыргыз журтчулугунда мындай агым бир аз басаңдай түшкөнү байкалат. Айрыкча борбор калаадагы кыргыз мектептеринин айрымдары толбой жатса, орус мектептеринде орун тартыш.

Былтыр Бишкектеги 71-мектепте орус класстар да ачылды. Бул мектеп жайгашкан 12- кичирайон бир кыйла эле эле чоң жана эл жык отурукташкан шаар бөлүгү. Ошентсе да 71-мектеп үчүн бир канча жылдар бою окуучулардын тартыштыгы башкы көйгөй болуп келген. Мектептин директору Мырзабек Дүйшөковдун айтымында, бассейн, чоң спорт зал өңдүү шарттар да окуучуларды кармай алган жок. Анын жанындагы 63-орус мектепте тетирисинче окуучулар нормадан ашык болуп, эки нөөмөт менен окууга мажбур болуп келишет. Бишкектеги бул эң четки кичирайондон 800гө жакын бала шаардын ичине келип окушчу. Орус класс ачылгандан кийин бир топ бала 71- мектепке окууга киришти.

Кыргызстан эгемендик алган жылдары кыргыз бийлиги эне тилиндеги мектептерди колдоо саясатына белсенген. Ошол кезде ата-энелердин көбү балдарын орусчадан кыргыз мектепке которушкан. Эмнегедир үч-төрт жылдан бери кайра калктын орус мектепке ыктаганы байкалат. Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасы Казат Акматовдун пикиринде, орус тилине ырасмий статус берилгенден кийин эл арасында мамлекеттик тилдин кадыры түштү. Казат Акматов азырынча кыргыз мектепте окуп аткан кызын 5-классты бүтөрү менен орус мектепке которорун ачык айтты.

Бир чети кыргыз болуп туруп орусча окууга умтулган жаштардын мындай турумунун себеби жөпжөнөкөй. Учурда англис тили менен катар орусчаны суудай билгениң келечекте билимге да, мансапка да эшик ачат. Ошону менен катар кыргыз мектептеринде бир топ көйгөйлөр бар. 1989-жылы мамлекеттик тил тууралуу мыйзам кабыл алынгандан кийин орус мектептерде кыргыз класстарын ачуу тууралуу токтом чыккан. Бишкектеги 48 мектепте ачылган кыргыз класс араңдан зорго алты жыл жашады. 5-класс ачылар жылы мектеп кыргызча окутууга байланышкан кыйынчылыктарды көтөрө албай окуучуларды 36-мектепке өткөрдү. 48-мектептин директору Вячеслав Красиенконун айтымында, окуу куралдарынын жана кадрлардын жоктугу кыргыз класстардын жабылышына алып келип отурат. Анын пикиринде, ушул беш жыл бою телеге 400 сомдон төлөп улам жарыя берип мугалим издеп жүрүп чарчады. Ал эми окуу куралдары менен камсыз кылабыз деген убадасын министрлик аткарган жок.


Билим берүү министри Ишенгүл Болжурованын билдиргенине караганда, кыргыз мектептер окуу китептери менен 63% камсыз. Ошол эле учурда орус мектептерге окуу китептердин 76 % жетиштүү. Бирок, окуу куралдарына келгенде чынында эле орус мектептердин жарасы жеңил. № 63-мектептин директору Ирина Скосырскаянын айтымында, ар кандай фонддорго кайрылып, грант аркылуу Россиядан китептерди алышат. Китептердин жана мугалимдердин жетишсиздигинен кыргыз мектептерде окутуунун сапаты начар деген да ойлор айтыла жүрөт. Мисалы, ушундай ойду депутат Зайнидин Курманов билдирди. Ал эне тилде билим алсын деген уулу сабагынан абдан начарлаганда арга жок орус мектепке которгонун айтат. Ал эми билим берүү жана илим министрлигинин аппарат башчысы Чолпонбек Тиленбаев кыргыз мектептеринин саны акыркы он жылда абдан өскөнүн белгиледи. Анын оюнда кыргыз балдардын орус мектепке качышынын бир нече жүйөөсү бар:

- Орус мектептерде кыргыз тили жана адабиятын окутуу сааттары кеңейтилди. Балким, ата-энелер балдары эне тилин орус мектепте деле окуп алышат деп атышса керек. Экинчиден, орус тилин билбесе өсүп-өнүгүш үчүн кыйын болуп калат. Мисалы, компьютер жана чет тилдер боюнча кыргыз тилинде окуу куралдар жок да.

Учурда мугалимдин орточо айлыгы 500 сомдон ашпайт. Шаар жериндеги гимназия жана лицейлерде кошумча сабактардын жана кружоктордун эсебинен мугалимдин айлыгы эки эсеге чейин көбөйүүдө. Бишкектеги 63-мектептин директору Ирина Скосырская кошумча сабак уюштурган мугалимдердин айлыгына 480 сом кошуларын билдирди. Бишкектеги №5-компьютердик гимназиянын директору Турдубек Кубаталиевдин оюнда кеп кадр жана китеп тартыштыгында эмес дейт:

- Кыргыз мектептеринде окутуунун сапаты начар дегенге кошулбайм. Мугалимди биз конкурс менен тандап алып атабыз. Ал эми окуу китептери болсо былтыртан бери Азия өнүктүрүү банкынын жардамы менен чыгарыла баштады. Орус тилине ырасмий статус берилгенден кийин кыргыз тилинин келечегине эл ишенбей калды. Мамлекеттик чогулуштар жана кагаз жумуштары бүт орус тилинде болуп атса, анан кайсы ата-эне баласын кыргызча окуткусу келсин. Ар бири эле баласынын келечегин ойлойт да.
XS
SM
MD
LG