Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:21

Кыяс Молдокасымов, Чолпоната 29-августта Чолпоната шаарында «Манас Ордо» комплексинде бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын II Курултайы өз ишин аяктады. Мурда кабарлангандай, курултайда Кыргыз Республикасынын Демократия кодекси кабыл алынды. II курултайга оппозиция өкүлдөрү катышпасы үчүн өтө катуу көзөмөлдүн алдында өттү.

Курултайды алгач Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов ачып, андан соң бул курултайда Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө президент эгемендүүлүк мезгилиндеги эң негизги 3 багыттагы иштер жүргөнүн айтты. Бул биринчиден, адам ресурстарын алгалашы, жеке менчиктин киргизилиши жана инфраструктуранын өнүгүшү жөнүндө болду. Президент өз сөзүндө эгемендүүлүктүн 12 жылдыгында демократиялык система калыптанганын кабарлады. Президент өз сөзүндө эгемендүүлүктүн 12 жылдыгында сырттан алынган кредиттер жана гранттык колдоолор өткөн мезгилде өндүрүшкө эмес, калкты социалдык жактан колдоого, Бишкек – Ош жолуна, «Манас» аэропортуна жана саламаттыкты сактоо менен билим берүүгө жумшалганын айтты.

Эгемендүүлүктүн 12 жыл ичинде, президенттин сөзүнө караганда, сырткы коркунучтарга сокку урулуп, ал гана эмес кошуна Өзбекстанды да андай коркунучтан сактап калганы белгиленди. Ошондой эле алдыдагы 2010-жылга чейин кедейликти кыскартуу боюнча улуттук стратегияны андан ары өнүктүрүү, конституциялык реформаны жүргүзүү, өлкөнү адилет башкарып, Кыргызстанды адам укугун сыйлаган өлкөгө айландырууга аракеттер улана беришин билдирди.

Президент өз сөзүндө курултайдын кароосуна Кыргыз Республикасынын Демократия кодекси сунуш кылынып жатканын белгиледи:

- Сунуш туудуручу жагдайларды күн мурунтан четтетүү максатында биз демократиялык коопсуздуктун коомдук кеңешин түздүк. Бул кеңеш даярдаган демократиялык кодекстин долбоору биздин курултайдын кароосуна сунуш кылынды жана ал коомдук-демократтык түзүлүштүн ыймандык, укуктук негизи, демократиялык жаңы аң сезимдин жобосу жана элибиздин коомдук мамилелеринин тартиби болуп калууга тийиш, урматтуу агайын-туугандар.

Аскар Акаевдин сөзүнөн кийин курултайдын катышуучулары сүйлөп, ар бир катышуучу 12 жылдын ичинде Кыргыз Республикасында өтө зор өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр болгонун белгилешти.

Курултайда негизинен бир кылка көз караштагы мамлекеттик саясатты колдогон өкүлдөр басымдуулук кылды. Курултайдын экинчи бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимов Кыргыз Республикасынын Демократия кодексин сунуш кылып, курултайдын катышуучуларын аны колдоп берүүсүн өтүндү:

- Бүгүнкү тарыхый маалда ушул демократиялык кодексти колдоп, ак бата берип коюшка болобу, кандай дейсиздер. Ким калыс? Калыс жок. Биздин XXI кылымдагы кыргыз мамлекетинин, кыргыз калкынын жашоо-турмушуна негиз болуп бере турган документ болуш керек конституциядан кийинки.

Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун мындай пикиринен кийин жыйынды алып баруучу Кыргыз Улуттук универистетинин ректору Аскар Какеев кодексти талкуусун курултай өкүлдөрүнөн жактырып берүүсүн суранды. Курултайдын катышуучулары демократиялык кодексти кабыл алгандан кийин Аскар Акаев аларга ыраазычылыгын билдирди:

- Бүткүл дүйнөлүк курултайдын катышуучулары байыркы тарых- рухка таазим кылып, келечегибиз жаркын болооруна ишеним билдиришти. Биз күткөндөн дагы бийик жигерин таанытып, өздөрүнүн ак тилегин, аруу максаттарын ортого салды.

Анткен менен курултайга катышкан бардык өкүлдөр эле бул демократиялык кодекстин бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын II курултайында кабыл алынышын колдошкон жок. Бул тууралуу курултайдын соңунда парламент депутаты, Кыргызстан коммунисттик партиясынын лидери Абсамат Масалиев өз пикирин мындайча билдирди:

- Эми курултайда кабыл алынган кодекс законго жакыныраак. Муну Жогорку Кеңеш бир карабаса болбойт. Себеби мен окуган жокмун, уктум кээ бир статьялары мыйзам күчүн алат деген жобо бар дейт, андай болбойт да. Кодекс деген бул мыйзам болбойт, ошондуктан муну карап чыгыш керек.

- Чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын демократиялык кодексинин кабыл алышына кандай карайсыз? деген суроого А.Маслиев мындай жооп берди:

- Менин оюмча, бул туура эмес. Алар биздин атуулдар эмес да. Мисалы биз барып башка мамлекетке алардын бир документине, законуна добуш берсек туура болбой калат. Биздикилер 150 киши деп айты го, ошолордун добушу, булар тилектештик үчүн колун көтөрүп койду дейм. Алардын юридикалык күчү жок. Андай болбойт.

Кыргыздардын дүйнөлүк курултайында Демократия кодексинин кабыл алынышы тууралуу кыргыз акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун пикири:

- Деморатиялык кодекспи, гезит окуганга убактым жок. Ошондуктан мен добуш берген жокмун, себеби мен окуган жок элем.

Курултайга катышкан Тажикстан, Өзбекстан, Кытайдан келген өкүлдөрдүн пикирин билүү үчүн аларга микрофон сундук, бирок алар кодекс менен таанышпай туруп азырынча пикирин айтуудан баш тартышты.
XS
SM
MD
LG