Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:56

Бейшемби күнү АКШда 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук алааматта апаат болгондордун телефон аркылуу сүйлөшкөн сөздөрүнүн тексти жарыяланды. Документ баш-аягы эки миң беттен турат. Америкалык коомчулук бул ишти эки ачакей маанайда кабыл алды: бир жааты документ болгону эски жараны козгоп, көңүл чөктүрөт десе, экинчи тарабы аталган окуяга байланыштуу бардык маалымат элге жетиши керек дешет.

Бир катар баяндамачылардын баасында, документти окуганга чынында эле адамдын дити бакпайт. Анда 11-сентябрдагы апаатта бүткүл дүйнөлүк соода борборунун көк челген эки имаратынын жогорку кабаттарында камалып калып, уранды астында упат болгондордун тууган-уруктары, шаардык бийликтер менен сүйлөшкөн акыркы сөздөрү жазылган. Документтин көпчүлүк эпизоддору жардам сурап жалбарган, жан аргасын таппай полициядан кеңеш сураган аянычтуу апаздардан турат. Алардын биринде 88-кабатта турган аял имарат кургуй сымак түпкүргө кулап баратканын кабарлап, чыңырган бойдон үнү өчүп калган. Экинчи бир эркек киши болсо алдастаган адамдар 94-кабаттан секирип, боюн таштап жатканын билдирген...

Соода борборунун эки имаратын тең Нью-Йорктун порт башкармалыгы тейлеп-тескеген, анын администрациясы окуган адамдын үшүн үркүткөн бул материалдарды жарыя кылганга караманча каршы болгон эле. Бирок “Нью-Йорк таймс” гезити ишти сотко берип, жеңип алды. Порт башкармалыгы соттун амирин аткарып, бейшемби күнү документтин мазмунун коомчулукка жарыялады. Өзүнүн ырасмий кайрылуусунда башкармалык негизинен террордук алаамат маалында адамдарды куткаруу боюнча кандай чаралар көрүлгөнүн, атайын кызмат отряддары кандай каармандык менен иштегенин баалаганга коомчулукка дагы бир ирет мүмкүндүк берилип жатканын айрыкча баса белгиледи.

Материалдардын жарыя кылынышын апаатта набыт кеткендердин тууган-уруктары да кубатташкан эмес. Кыйраканда күйөөсүн жоготкон Лейла Негрон аттуу аял, мисалы, муну өзү жана жетим калган балдары үчүн өлгөндүн үстүнө көмгөн кылган кадам деп баалады. Ал эми бир тууганынан ажыраган Лори Тиетен бирөөнүн кайгысынан бизнес жасагасы келгендер арбын табыла тургандыгын эске салып, бул документ ошолордун гана кыбаасын кандыра тургандыгын белгиледи. Ал эми Моника Габриэл жарыя кылынган документ мындан ары коомчулук жана бийлик үчүн ачуу сабак болоруна үмүт кылат.

Аталган окуя, америкалыктардын, өзгөчө нью-йорктук тургундардын баасы боюнча, Кошмо Штаттардын бүткүл тарыхын экиге бөлгөн кара тилкеге айланды. Ошол ойрондуу окуядан соң шаардан миңдеген адамдар көчүп кете баштады. Акыркы жылда эле алардын саны 150 миңден ашты. 11-сентябрдагы касирет америкалыктарды кескин өзгөрттү, деп айтты алардын бири. Ага чейин таптакыр бейкапар, бу дүйнөнүн коога-калбасынан караманча кабарсыздай тиричилик кечирип келген коом эми эки жылдан бери ийне үстүндө отургандан бетер сар-санаа тартып, кооптонуп жашап калышты. Айрымдары алааматты унутканы тынч, баракат жер издеп, көчүп кетип жатышат.

Деген менен өзгөргөн америкалыктарга кошо эми Нью-Йорктун өзү да өзгөрөт. Террордук жапырыктан кыйраган эки имараттын ордуна Манхэттендин түштүк ыптасында көк челген жаңы курулуш пайда болот. Анын бийиктиги 541 метрге жетет жана дүйнөдөгү эң бийик имарат болот. Курулуш немец архитектору Даниэл Либескинддин долбоору боюнча салынат. Аны тегерете “Тынчтык багы” тигилет. Жалпы комплекстин наркы, болжолдуу эсептер боюнча, 330 миллион доллар каражатка турмакчы.
XS
SM
MD
LG