Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:40

Өнүгүп келаткан өлкөлөр үчүн дарылар арзандатыла элек.


Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун Башкы кеңеши кедей өлкөлөрдү арзан дарылар менен камсыздоо тууралуу жаңы чечимди бекитүүнү кийинкиге жылдырды. Эл аралык уюмдун өкүлдөрү мындай чечимин маселени ар тараптуу изилдеп чыгуу зарылдыгы менен түшүндүрүштү. Айрым өлкөлөр үчүн дарыларды арзандатуу чечими Дүйнөлүк соода уюмунун Женевадагы башкеңсесинде АКШ, Бразилия, Индия, Түштүк Африка жана Кениянын өкүлдөрү ортосундагы татаал сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынган. Макулдашуунун долбооруна ылайык, өнүгүп келаткан өлкөлөр СПИД, безгек, кургак учук жана башка коркунучтуу ооруларды жеңилдетип-айыктырчу дарыларды арзан баада ала алышмак.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG