Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮК МАЙРАМЫ, КУРУЛТАЙ, ЭСТЕЛИК


Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы, дүйнө кыргыздарынын 2-курултайы, ага байланышкан салтанат-шаңдар кыргыз басылмаларында байма-бай жарыяланууда. Кыргыз мектептеринин абалы эки жылдан бери өткөрүлүп жаткан тест сынактарынан улам адырайып ачыкка чыгып калды. Кыргызстандын өлөсөлүү экономикасы дүйнөлүк глобалдашуунун күр-шарына туруштук бере алабы? Мамлекеттин келечеги кандай? Кыргыз-өзбек чек арасын тактоого эмнелер жолтоо болууда? Кыргызстанда спирт ичимдиктери түрлөнүп чыгууда. Бекташ Шамшиевдин басма сөз баяндамасы.

«Кыргыз мамлекеттүүлүгү жөнүндө сөз, ал тууралуу эларалык деңгээлдеги маселе жөн жерден же бирөө-жарымдын каалоосунан улам келип чыккан жок», дейт Чыңгыз Айтматов кыргыз мамлекеттүүлүгү тууралуу. Анын пикири апта соңундагы «Кыргыз туусу» гезитинде «Баатырлар сөз алат» деген аталышта жарык көргөн. Экинчи бир баатыр Тургунбай Садыков ушул эле гезит аркылуу Махмуд Кашгари менен Алыкул Осмоновдун айкелдерин жасап жатканын жарыя кылат. Эстеликтин бирөө Барскоонго, экинчиси Көл боюна коюлат.

«Биз оптимисттик көз караш менен жашашыбыз керек. Элдин жашоосунун оңолуп баратканын мындан билиңиз. Күзүндө той-жакшылыктар көп болот, - дейт «Карабалта» арак заводунун директору «Эркин тоо» гезитинде жарыяланган маегинде. – Ошол мезгилде жөнөкөй эле айыл адамдары арзан деп «самопалды» сатып алганга кызыкпай, бизге келип «Царская» арагын сатып алгандарын көрүп ичкендеринен, кийген кийимдеринен, жаркын маанайларынан элдин оңолуп баратканына көзүм жетти». Арак заводунун директорунун айтымында, кыргыз мамлекеттүүлүк майрамынын урматына «Кыргызхан» жана «Деңиз» деген жаңы арактар чыгат. «Карабалта» арагы чарчаган кезде дем берип, көңүлдү эргитет. Нервди тынчтандырат. Сапаттуу чыккандыктан чени менен таткан адам жаза баспайт», - дейт завод директору Марат Жунушалиев.

Жаңы заман келип кечээки көргөн бүгүн жок чакта «Мекен» деген сөздүн мааниси өзгөрүп кетти, - дейт пенсиядагы Н.Прищепин. Мурда СССР болчу. «Украинада төрөлгөм, Орусия менен Молдовада жоокердик милдетимди өтөдүм, Кавказда иштедим. Туугандарым чет жерде жашайт, мен болсо Кыргызстандамын. Менин Мекеним кайда?» деп суроо коет Н.Прищепин. Аксакалдын айтуусунда, кыргыздардын байыркы эл экендигинде эч талаш жок. Бул эл дүйнөлүк адабият менен искусствого үлкөн эки салым кошту. Биринчиси «Манас» эпосу. Экинчиси Чыңгыз Айтматов. Республика жарандарынын кыргыз мамлекеттүүлүгү тууралуу пикирлер топтому «В конце недели» апталыгынын жаңы санында жарыяланды.

Кыргызстан мамлекеттүүлүк майрамын дүйнө глобалдашып бараткан чакта белгилөөдө, деп жазат Т.Дыйканбаева. Кыргызстанды кандай тагдыр күтүп турганын айтыш кыйын. Глобалдашуунун натыйжасында кедей өлкөлөр ансайын жакырланып, байлардын байпагы манат болот деген өтөле жөнөкөй божомолго ынанбаган күндө да, чыгарган товарынын сапатынын начардыгы алардын атаандаштыкка туруштук бере албаганы олуттуу кооптонууну жаратпай койбойт. Республикада коррупцияга каршы туруу жөнүндө көп сөз айтылганы менен, аны системалуу түрдө жоюунун механизми иштеле элек.

Кыргыздар коммунисттик үлкөн идеяны ишке ашырууга ансыз деле опсуз чоң бааны төлөп берди, деп жазат 29-августтагы «Демократ» гезитинде Эдил Байсалов. Элди динден айыруу, улуттук тилин, кадыр-баркын басынткан коомдун өмүрү узун болбостугун тарых тастыктады. Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн кыйласына салыштырмалуу эмдигиче коммунисттик иллюзиядан кутула албай келаткан өлкө.

Айыл мектебинин айласыз абалга кептелишинин натыйжасында орто мектепти чаласабат окуучулар бүтүрүп жатышканы, билим системасындагы өксүктөр Абдыкерим Муратовдун «Кутбилим» гезитинин 29-августтагы макаласында баяндалган. «2003-жылы өлкөдө 86 000 улан-кыз орто мектепти бүтүрсө, ошолордун 37 000» тест сынагына катышты деп маалымдайт макала автору. Анын жыйынтыгында шаар мектептеринин окуучулары, көбүнесе орус тилдүүлөр сынактан камчы салдырбай өтүштү. Тест сынагынан «биринчи кезекте кыргыздар, анан айыл өксүдү», дейт макала автору. Айыл мектептеринде окуу китептери жетишпейт, дегеле айыл мектептерине баштагыдай көңүл бурулбайт.

Кыргыз-өзбек чек арасында чырлуу жерлер көп. Үч жылдан бери өкмөттөр аралык комиссиянын 13 отуруму өтүп, 29 жумушчу жолугушуулар болгонун апта соңундагы «Бишкек таймс» гезити маалым кылды. Азырынча эки республиканын теңата комиссиясы 260 чакырым жер боюнча бир пикирге келе элек. Өзгөчө талаштуу аймактар Сох анклавы, Гавасай жана Кемпирабад суу сактагычтарынын тегереги болууда.
XS
SM
MD
LG