Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:45

Нарын АЙЫП, Прага 1-сентябрда Прага шаарында - Европа Биримдигене кирген майда өлкөлөр жана уюмга эмдиги жылы жаңы мүчө болуп кошула турган жумурияттардын өкүлдөрү чогулуп жыйын өткөрөт. Алардын пикиринде, Биримдиктин жаңы иштелип чыккан конституциясы майда өлкөлөрдүн укуктарын бир кыйла чектөөдө, ошондуктан алар бул маселе боюнча бир турумга келип, бирдиктүү саясат жүргүзүүгө тийиш.

Европа Биримдигинин мурда конституциясы жок болчу жана эмдиги жылы уюмга 10 жаңы мамлекет кошулганда, анын мүчөлөрүнүн саны жыйырма бешке жетип, мынчалык ири уюмду башкаруу татаал боло тургандыктан, анын ички түзүлүшү бекемделип, конституция керек болуп чыккан. Конституциянын долбоорун - Франциянын мурдагы президенти Валери Жискар Д'Эстен жетектеген "Европа келечеги" деген аталыштагы форум иштеп чыкты жана ал үстүбүздөгү жылдын июнунда Грекиянын Салоники шаарында өткөн саммитте жалпысынан жактырылды.

Бирок конституцияны кабыл алуу меселеси - октябрда Рим шаарында өтө турган өкмөт аралык жыйында да талкууланат жана акыркы чечим - 2004-жылдын март айына чейин кабыл алынууга тийиш, анткени жаңы мүчөлөр уюмга май айында кошулат. Биримдиктин учурдагы төрагасы Италия болсо, акыркы чечимди үстүбүздөгү жылы эле кабыл алууга аракеттенүүдө, анткени 31-декабрда Италиянын төрагалыгы аяктайт.

Биримдик бир кезде - күчтүү Алмания жана Франция сыяктуу мамлекеттер тарабынан түзүлгөн жана кийин ага улам жаңы өлкө мүчө болуп кирген сайын, негиздөөчүлөрдүн пикиринде, андагы бийлик барган сайын майда мамлекеттер жакка ооп бараткан. Бул көрүнүш өзгөчө - эмдиги жылы Биримдик дагы кеңейгенде ого бетер күчөмөк, анткени жаңы мүчөлөрдүн арасында социалисттик бийликтен жаңы эле кутулган бир нече жумурият бар.

Ошондуктан, Жискар Д'Эстендин эки жыл бою иштеген форуму бир кыйла орчундуу өзгөртүүлөрдү сунуштады. Мисал үчүн, мурда алты ай сайын Биримдикке ар башка мамлекет төрагалык кылгандын ордуна мамлекет жетекчилеринен турган Кеңеш түзүлөт жана анын туруктуу иштей турган президенти шайланат, андан сырткары, Биримдиктин тышкы иштер министри менен прокурору деген жаңы кызматтар киргизилет. Европалык өкмөттүн милдетин аткарып келген Европалык комиссиянын курамы болсо жыйырма адамдан он бешке чейин кыскартылат.

Дал ушу Еврокомиссия менен байланыштуу өзгөрүүлөр майда өлкөлөргө жакпайт, анткени, алардын пикиринде, комиссияга ар бир өлкөнүн өкүлү кирбей калганда, андагы чечимдер - күчтүү Алмания же Франция сыяктуу дөөлөттөрдүн таасири алдында гана кабыл алынып калышы мүмкүн.

Бирок Алманиянын тышкы иштер министри Йошка Фишердин айтымында, Еврокомиссиянын мүчөлөрүнүн саны кыскарганы менен, анын күчү көбөйөт жана жаңы өзгөрүүлөр майда өлкөлөрдүн өздөрүнүн кызыкчылыгында:

"Саны кыскарып, бирок күчү көбөйгөн комиссия майда өлкөлөрдүн кызыкчылыгында, анткен менен Чехия сыяктуу жаңы мүчө-мамлекеттердин же башка майда өлкөлөрдүн тынчсыздануусун мен түшүнөм. Бирок мен айта алам, ири мамлекеттер деле майда өлкөлөрдүн проблемаларын түшүнө алат жана күчтүү комиссия майда жумурияттардын кызыкчылыктарын коргой алат".

Анткен менен майда мамлекеттер өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн, маселени өз алдынча талкуулап, октябрда боло турган жыйынга бирдиктүү турум менен чыгууга даярданууда жана Прага шаарындагы жыйынга 17 өлкөнүн өкүлдөрү келет. Андан тышкары, Биримдикке кирген ири өлкөлөр арасында деле араздышуулар бар. Мисал үчүн, Алманиянын пикиринде, Европа Биримдиги келечекте - АКШдай болуп, "Европа кошмо штаттары" сыяктуу өнүккөнү жакшы. Ал эми Улуу Британия ага каршы жана анын ишениминде, уюм эң биринчи кезекте эркин соода аймагы катары иштеп, анын мүчөлөрү өз алдынча күчтүү мамлекет бойдон калууга тийиш.
XS
SM
MD
LG