Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:37

ЕККУнун баш кеңсесинде уюмдун Кыргызстандагы элчисине байланыштуу маселе каралат


БИШКЕК.30-август. Жакынкы күндөрү Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгү уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Айдын Идилдин бул кызматка ылайыктуулугун карап көрүү боюнча айрым бейөкмөт уюмдар жана саясий партиялар койгон маселени Венада жайгашкан башкы кеңсеге ырасмий маалымдайт. Бул тууралуу маалымат ишембиде аталган уюмдун Бишкектеги кеңсесинен алынды. Белгилүү болгондой, 23-августа Аксыда өткөн 3-элдик курултайдын Резолюциясында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси Айдын Идилди кызматынан чакыртып алуу жөнүндөгү өтүнүч менен уюмдун баш кеңсесине кайрылуу маселеси коюлган. Аксыдагы элдик жыйындын катышуучулары Айдын Идилди ЕККУнун колдоосу менен Кыргызстанда ишке ашырыла баштаган ички иштер органдарын реформалоо Программасынын адам укуктарын чектеген бөлүгүн жактагандыгын айыпташкан. Бирок, ЕККУнун Бишкектеги кызматкерлери белгилешкендей, уюмдун тигил же бул өлкөдөгү миссия жетекчилерин алмаштыруу ички эрежелерге ылайык атайын реграмент боюнча жүргүзүлөт. Буга чейин да Кыргызстандын айрым саясий уюмдары тарабынан Айдын Идилди кызматынан чакыртып алуу маселеси коюлган. Айдын Идил ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин башчысы болуп 2000 жылдан бери иштөөдө.

XS
SM
MD
LG