Линктер

дүйшөмбү, 23-январь, 2017 Бишкек убактысы 13:07

Кыргызстандын түштүк чек араларында күзөт күчөтүлдү


БИШКЕК. 30-август.Эгемендүүлүк майрамына карата Кыргызстандын түштүк чек аралары күчөтүлгөн тартипте кайтарыла баштады. Учурда өлкөнүн Баткен, Лейлек, Чоңалай райондорунун Тажикстан менен чектешкен жерлеринин ашууларында чекара кызматынын атайын даярдалган бөлүктөрү коюлган. Ишембиде чек ара кызматынан кабарлашкандай, азыр Кыргызстанга куралданган чет өлкөлүк террористтердин топтору түздөн-түз коркунуч туудурган жок. Бирок, чек арачылар чукул кырдаалга дайым даяр болуп турушу зарыл. Жума күнү кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына жана эгемендүүлүтүн 12 жылдыгына карата Чек ара кызматынын салтанаттуу жыйыны өттү. Анда мамлекеттик чек араны коргоодо күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн 8 чек арачыга мамлекеттик сыйлыктар, 60 чек ара кызматкерине ардак грамоталары жана баалуу белектер тапшырылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG