Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:47

Кыяс Молдокасымов, Бишкек шаары Дүйнө кыргыздарынын 2-Курултайында көпчүлүк саясатчылар болжогондой, президент Аскар Акаевди дагы бир мөөнөткө иштеп берүү өтүнүчү айтылган жок. Бирок, курултайдын жүрүшү шайлоо алдындагы өнөктүктү эске салып, эгемендиктин 12 жылында аткарылган иштер ар тараптан мактоо менен коштолду. Түркиядан келген өкүл, Түркиянын мурдагы маданият министри Намык Кемал Зейбектин «президент Аскар Акаевди дагы 10 жылга шайлап алсаңар жакшы болот эле» деген сөзү курултайга келген өкүлдөрдү бир топ муютуп койгондой болду. Ал эми Өзбекстандан келген өкүл, география илимининин доктору Сүйүн Караев сырттан келген меймандарга «президент Аскар Акаевди дагы бир мөөнөткө шайлап алгыла» деп кыргызстандыктарга маселе коелу деген үндөөсү жыйындын жүрүшүндө ачыкка чыкпады.

Кыргызда «той болоор, тойдун эртеси да болоор» дегендей, курултай да болуп өттү. Курултайга Өзбекстанда жашаган 370 миң кыргыздан 40 тан ашуун өкүл келсе, Кытайда жашаган 150 миң кыргыз атынан онго жетпеген өкүл, тажикстандык 106 миң кыргыздан 20дан ашуун өкүл, 4 миңдей кыргыз жашаган Түркиядан 10дон ашуун өкүл, 300 миңдин тегерегинде кыргыз жашаган Орусиядан 15тей өкүл, 11миң кыргыз орун-очок алган Казакстандан 10дун тегерегинде өкүл келди. Мындан сырткары Европа өлкөлөрүнөн, Ооганстанда жашаган кыргыздардан бир-экиден өкүл катышты. Сырттан келген ар бир мейманга 2ден кыргызстандыктар туура келип, баш аягы 300дөй адам жыйын курду.

Курултайда четте жашаган кыргыздардын маселелери эмес, негизинен өлкөнүн 12 жылда басып өткөн жолундагы ийгиликтери тууралуу көбүрөөк сөз болду. Соңку кездерде коомчулукта сөз болуп келген мамлекет башчысы Аскар Акаевди дагы бир мөөнөткө иштеп берүү боюнча өтүнүчтөрү кыргызстандыктар тарабынан көтөрүлбөгөнү менен, айрым чет өлкөлүк жарандар тарабынан курултай учурунда айтыла калып жатты. Курултайга дээрлик азыркы бийликтин саясатын колдогон өкүлдөр чакырылып, капысынан чоочун адамдар кирип кетпеси үчүн катар-катар көзөмөлдөр коюлду. Айрым учурда күбөлөндүрчү документи жок сыйлуу коноктор короонун сыртында калып калган учурларга да күбө болуп жаттык. Курултайда сүйлөөчүлөрдүн тизмеси да алдын-ала түзүлүп, жыйын учурунда андан башка адамдарга сөз берилген жок. Ал эми сөз алып сүйлөгөндөр негизинен президенттин жүргүзүп жаткан саясатын колдоого алып, кош ойлуулук эки арандылыкты алып келээрин, ал мамлекеттин алдыга өнүгүүсүнө кедергисин тийгизээрин эскертип жатышты. Алай районундагы «Атажурт» коомунун төрайымы Сонунбү Исмаилова ал тууралуу мындай деди:

- Байыртадан эле биздин чоң ата, чоң бабаларыбыз айтып келген, бул кош көңүл, кош ой ажырымдыка алып келет деген. Дайым бир ойду ойлоп, ошол багытты түз арымдасак ишибиз да ийгиликтүү болот, заманыбыз дагы өнүгөт деп айтып кетким келет. Биздин КОР программасын алсак бүгүнкү күндө канча өнүгүү болду, кечеги эле кыргыз жери бүгүн башкача болду.

Ал эми Талас областынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Мүнүр Мамбеталиев алыска аттанганда ат ооштурбасын, жоого чыкканда атын башка адамга бербей турган ата салтын эскертип, өлкө багыт алган өз жолунан тайбай турганын, жаман ойлууларды акылга чакыруу керектигин эскертти:

- Арыстан ат ооштурбайт, жоого аттанганда атын башка кишиге бербейт деген. Биз бараткан жолубузда, баштап бараткан адамдарга бардык жактан жол көрсөткөнүбүз оң болот. Биз бараткан жолубузду, бараткан багытыбызды адаштырып албайлы, андыктан мен айта турган сөзүмдү баарыңар түшүнүп турасыздар, этият болгонубуз оң болот. Башка буруп сүйлөгөндөргө, жаман ойлууларга акыл насаатыбызды айтышыбыз керек. Эң артында айтаарым, кымбаттуу боордоштор, алган багытыңыз, элдин тилеген тилеги ордунан чыкты, ушул жолуңузду улантыңыз. Ушул жолуңуз менен кыргыз элин дагы бийиктикке алып чыгыңыз.

Түркиядан келген мейман, өлкөнүн мурдагы маданият министри Намык Кемал Зейбек Кыргызстан соңку 12 жылда зор ийгиликтерге жетишкенин, «эгер Аскар Акаевди дагы 10 жылга шайлап алсаңар алдыда дагы өнүгүү болот» деп, Түркияда жашаган 70 млн кыргыздардын атынан сүйлөдү:

-Азыр Түркияда 70 млн. кыргыз бар. Дүнүйө жүзүндө 300 млн. кыргыз бар. Биз кыргызбыз. Биздин туулган жерибиз Ысыккөл.

Курултайда сүйлөгөн Кыргыз эл артисти Гүлсара Ажыбекова Чынгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күнүндөгү» эсин жоготуп маңкуртка айланган баланын образы менен кыргыз элин салыштырып, президент элди эсине келтирген саясат жүргүзүп келгенин кошумчалады:

- Чыңгыз агайдын «Кылым карытаар бир күнүндө» эсин жоготкон баласына энеси айтып атат: «Сенин атың Жоломан, сенин атың Жоломан, атаңдын аты Дөнөнбай, атаңдын аты Дөнөнбай» деп эсин жоготкон баласын эсине келтиргиси келип атат. Менимче бүгүнкү күнү биздин президентибиздин бизге ошондой эне баласын эсине келтиргендей, бүт коомубузду, бүт кыргыздарды эсибизге келтирип, намыстанып, дагы бир чоң кадамга түрткү берди.

Ал эми мамлекет башчысы Аскар Акаев курултайда сүйлөгөн өз сөзүндө өлкө 12 жыл ичинде зор өнүгүүгө жетишкенин, алдыда дагы зор ийгиликтер болоорун бышыктоо менен, өлкөнүн келечегинен шек санагандык туура эместигин баса белгиледи:

- Асан кайгылар ичинен сарсана чегип, «Кыргызстан жаркын келечектен үмүт үзүп койсо болот, анткени өлкөбүз кичинекей, жаратылыш байлыктары аз, деңизге чыгаар жолу жок» деп шыпшынат. Бирок эрктүү мамлекет катары баштан кечирген 12 жылыбыз алынбас чеп, колдон келбес иш болбой турганын айкын, ачык далилдеди.

Курултай соңунда чет өлкөлөрдөн келген айрым меймандардын пикирин угуу үчүн аларга микрофон сундум:

- Менин атым Жымаа Таж, мен Түркияда жашайм, Ооганстандан көчүп барган кыргыздарданмын. Мен турган Ванда 3 миң-4 миң кыргыз бар. Ал айылдын атынан бул Курултайга келдим. Төрт тараптан келген кыргыз туугандарыбыз менен тааныштым. Абдан жакшы болду. Өмүр бою эстеп жүрөбүз.

Ал эми Тажикстандын Мургаб районунан келген аксакал Азиз Сейитбеков Курултайга келип катышканы ал үчүн зор кубаныч болгонун жашырбады:

- Мен өзүм Тажикстандын Мургаб районунан келдим, атым Сейитбеков Азиз. Бул Курултайда биздин ата-бабалардын узак басып өткөн жолдорун уктук, тааныштык, Кыргызстандын жакшы жетишкендиктерин көрдүк. Курултайдын шылтагы менен Түркиядан, Ооганстандан келген туугандарым менен жолугуштум.

«Курултайда демократиялык кодекс кабыл алынды, ошого кандай карайсыз?» деп суроо узаттык

- Бул демократиялык кодекс эң туура жана өз учурунда кабыл алды. Бул Кыргызстандын дагы өнүгүп, өсүшүнө чоң жардам берет деп ишенем. Биз өзүбүз Тажикстанда турганыбыз менен, кыргыздын бир накыл сөзү бар «бака чөлдө болсо дагы көзү көлдө» деген. Биз Тажикстанда жашасак да Кыргызстандын жетишкендигин көрсөк сүйүнүп, анча-мынча кемчилигин карасак өкүнүп калабыз. Себеби биз качан да болсо, кайсы жерде жашабайлы биз кыргызбыз. Кыргыздын бир гана мамлекети бар, бир гана президенти бар. Ал Акаев, ал Кыргызстандын борбору Бишкек деп билебиз биз.

Ошентип, Дүйнө кыргыздарынын 2-курултайы өз ишин аяктады. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын, эгемендүүлүктүн 12 жылдыгын сырттан келген кыргыздарга тааныткан курултайдын оң жактары менен айрым терс жактары алдыда дагы бир топко чейин талкууга алынаары турган иш. Ал эми анда кабыл алынган «Кырыз калкынын демократиялык кодекси» тууралуу кайчы көз караштагы пикирлер буга чейин дагы айтылып келген, мындан ары да айтыла бермекчи.
XS
SM
MD
LG