Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:42

ДСУ СПИДди жана безгекти дарылоо үчүн лицензиясыз чыгарылган дарыларды сатып алганга уруксат берди.


ЖЕНЕВА. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму СПИДди жана безгекти дарылоо үчүн лицензиясыз чыгарылган дарыларды сатып алганга уруксат берди. Уюмдун башкы директору бул чечимди тарыхый чечим деп атады. Анткени мурда бул оорулардан эли жапырт жабыр тарткан өлкөлөр кымбат дарыларды пайдаланышчу. Бирок капчыктын тайкылыгынан ооруган адамдардын көбү андай дарыларды сатып ала алышчу эмес. Эми болсо кедей өлкөлөр арзан дарыларды импорттоп, коркунучтуу ооруларга каршы таасирдүү чара көрө алышат.

XS
SM
MD
LG