Линктер

жекшемби, 23-апрель, 2017 Бишкек убактысы 11:27
БЭЖИН.Түндүк Корея ядролук куралдарды чыгаруу аракеттерин улантууга мажбур. Мындай билдирүүнү Түндүк Кореянын делегация башчысы жасады. Анын айтымында, кечээ Бэжинде аяктаган сүйлөшүүлөрдө Түндүк Кореяны курасыздандыруу аракети жасалды жана бул аны "ядролук тизгиндөө" чарасын колдонууга мажбурлайт. Делегация башчысы мындан аркы сүйлөшүүлөрдү улантуунун кажети жок экенин кошумчалады. Бээжинде өткөн сүйлөшүүлөргө Түштүк жана Түндүк Кореялардын, АКШнын, Орусиянын, Кытайдын жана Жапониянын делегациялары катышкан. Кризисти чечүүнүн жолдору жөнүндө макулдашуу жетишилген жок. Бирок тарпатар эки айдан кийин кайрадан жолугушууну макулдашышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG