Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

Орусиянын президенти менен Италиянын өкмөт башчысы Орусиянын крейсерин көрүп чыгышты


ПАЛАУ. Орусиянын президенти менен Италиянын өкмөт башчысы Орусиянын крейсерин көрүп чыгышты. Путин аскердик кеменин портто тургандыгы анын визити менен байланышы жок экенин белгилеп, Орусиянын аскердик кемесинин Сардиния портунда турушу эки өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташтыктын өрчүп бараткандыгынын дагы бир күбөсү экенин айтты. Бүгүн Владимир Путин менен Сильвио Берлускони Италиянын аскердик базасын көрүп чыгышат. Кечээки сүйлөшүүдө эки жетекчи согуштан кийинки Ирактагы кайра куруу процессине эл аралык коомчулуктун кеңири тартылышын колдоп, Улуттар Уюмуна кайрылышты. Бүгүн Путин Орусия Иракта эл аралык күчтөрдүн жайгаштырылышын кубаттайт, бирок ал үчүн Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин тиешелүү чечими керек деп билдирди.

XS
SM
MD
LG