Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Улуттар Уюмунун Багдаддагы өкүлчүлүгү 19-августтагы терактта курман болгондорду эскерди


БАГДАД. Улуттар Уюмунун Багдаддагы өкүлчүлүгү 19-августтагы террактта курман болгондорду эскерди. Уюмдун Багдаддагы кеңсесине 19-августта жасалган террордук кол салуудан 23 киши курман болгон эле. Курман болгондордун арасында Улуттар Уюмунун Ирактагы өкүлү Сержио Виейра де Мелло, уюмдун ирактык 9 кызматкери жана Бразилия, Канада, Мисир, Иран, Иордания, Филиппин, Испания жана АКШдан келген кызматкерлер бар болчу. Улуттар Уюмунун Ирактагы өкүлүнүн милдетин аткарып жаткан Рамиро Лопес де Сильвиа уюм Ирак эли менен тилектеш экенин жана Ирактагы миссиясын уланта турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG