Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:03

АЙТЫЛУУ ЭЛ ШАЙЫРЛАРЫ


Азыркы тапта Кыргызстандын кай тарабына көз чаптырбайлык, майрамга майрам уланып, ырлар, күүлөр ташып жаткан чагы. Бүгүн болсо кыргыз жергесинде эгемендүүлүктүн желегинин желбирегенинин 12 жылдыгы уюшкандыкта белгиленүүдө.

Ар бир адамдын жеке турмушунда айтылуу инсандар, шайырлар менен өмүр бою көңүлүнөн чыккыс, көкүрөгүнөн өчкүс ар кандай кездешүүлөр, баардашуулар, отурумдар болот тура. Менин дагы ошондой эң бир кызыктуу жолугушууларымдын бири – 1961-жылдын 25-декабрында кыргыз радиосунун Логвиненко көчөсүндөгү студиясында болгон эле. Ал кезде Кыргыз радиосунда музыкалык редактор болуп иштечүмүн. Эфирдеги отурумга ак таңдай төкмө Осмонкул Бөлөбалаев баштаган, алп жомокчу Саякбай Каралаев, тоо булбулу Токтогулдун шакирти, төкмө Алымкул Үсөнбаев, залкар комузчу Ыбырай Туманов, көзгө басар кыл кыякчы Сайид Бекмуратов, айтым жана кара күүлөрдүн мыкчыгерлери Шекербек Шеркулов, Асылбек Эшмамбетов, Эркесары Бекбазаров, жаш төкмө ырчылар Эстебес Турсуналиев, Токтосун Тыныбеков, Кыргыз филармониясынын адабият бөлүмүнүн башчысы, көрүнүктүү акын-драматург Райкан Шүкүрбеков, режиссер, эл артисти Турсун Уралиев жана берүүнүн автору катары мен катышкан элем. Баардашуу баш-аягы 50 мүнөткө созулган. Ал 29-декабрда жаңы жылга карата «Эл шайырлары микрофондо» деген ат менен ободон берилген.

Отуруштун максаты – жакшы кеби, ыры, күүсү, жомогу, тамашасы менен ак дилден эркин сүйлөп, жаңы жыл алдында угармандардын черин жазып, көңүлүн көтөрүү эле. Ободогу отурумду ачуу вазийпасы шайырлардын жаш-карысына бирдей сүйүктүү, акын Райкан Шүкүрбековго тапшырылган.

80-жылдары эл шайырларынын микрофон алдындагы отурумун Москвадагы Бүткүлсоюздук «Мелодия» фирмасынан табак (грампластинка) кылып да чыгардым. Азыркы күндө залкарлардын ырдаган ырлары, черткен күүлөрү, айткан жомоктору, кеп-келечтери алтынга бергис баалуулукка жетти. Бүгүнкү жаштар, угуучулар улуу шайырлардын чыгармаларын эмес, ысымдарын да билбей калышты. Бир эсе ошондой мүчүлүштөрдү жоюу, бир эсе арбактарды сыйлоо, бир эсе майрамга майрам уланып, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы, Кыргыздардын дүйнөлүк курултайы өтүп, эгемендүүлүктүн 12 жылдыгы белгиленип жаткан күнү мындан 42 жыл мурда жазылып алынган эл шайырларынын микрофон алдындагы отурумун «Азаттыктын» угармандарына тартуулап коюну эп көрдүм.

Эмесе, кадырман угармандарым, эл шайырларынын иргелип алынган отурумунун биринчи берүүсүнө кулак төшөйлү. Эфирдеги тарыхый отурушту акын-драматург Райкан Шүкүрбеков мындайча ачкан эле:

- Бүгүнкүдөй кубанычтуу баш кошуулар ар дайым боло бербес. Ошондуктан бири-бириңиздерге сүйлөй, комузуңуздарды күүлөй, кыягыңыздарды тарта, чоң «Манастан» айта отуруңуздар. Бул жерде - кыргыздын чоң акындары, 80ге жакындаган Осмонкулдай кары, атактуу Алымкул, Токтосун менен Эстебестей жаш ырчылары, белгилүү Саякбай, Эркесары, Ыбырай, Чалагыз, Шекербек, Саид, Асылбек, дагы башкалары. Кана эмесе, отурушту көрөлү баштап, азыр сиздерге эки жаш акын саламдашмак:

Токтосун:
- Бүгүн чогуу да отурат,
Шайырлардын баарысы.
Жапырт келген турбайбы
Жашы менен карысы.
Эң эле сонун өңдөнөт,
Ээрчип жүрүп үлгү алган,
Эстебес менен Токтосун,
Буларга эсендешип алышы.
Баа берсеңер деп устаттар
Башталмак болду бул жерде
Балдарынын да жарышы.
Бир-эки ооз да айтып көр.
Керээли кечке ырдабай,
Кейитип жанды кыйнабай,
Эстебес, кезегимди кайтып бер, -
дегенде Эстебес:

- Кашымда бүткүл шайырлар
Кадимки даңктуу карылар.
Комузчу, ырчы, манасчы
Ырас, өнөрпоздун баары бар.
Салам айтсын сиздерге
Биздей кунан, тайыңар.
Балдарың өсүп жетилип
Бактылуу болгон чагыңар.
Ат-атын атап койбосок.
Аксакалдар таарынаар.
Алыкем менен Осокем
Атагың элге таанымал.
Сакем болсо зор күлүк,
Айкөл Манас жериңен
Алтайга болсо чабылар.
Ыбыке, Чакем комузчу
«Жаатолго», «Жаш тилек»
Таңшыган күүлөр табылар.
Силерден кийин удалааш,
Шекербек, Сайид, Асылбек,
Ырчылардан дагы бар.
Райкан болсо белгилүү
Драма, тамсил, ыр жазат.
Куттуу болсун бүгүнкү
Кубанычтуу чагыңар!
Бактылуу күндө баш кошкон,
Аксакалдар,
Баалуу сыймык шагыңар, -
деди.

Осмонкул:
- Баары жакшы, балдарым. Азыркы жаштарга теңеле албайбыз. Карылык башка келген кези, жашыбыз 75-80дерге жеткен кези. Тиш бүтүн түшкөн кези, мурдагыдай күчүм кеткен. Ошондой болсо катардан калбай бир-эки ооз бирдемени айтып койоюн.

Шекербек:
- Осоке, карысаңыз да атак-даңкыңыз бар, «бөрү карыса бир койлук алы бар» дегендей, бирдеме деп коюңуз.

Осмонкул:
- Жаш кезимде мен дагы,
Балдар, ырдачу элем заңкылдап.
Жашагыла ак шумкардай жаркылдап.
Дабышыңар асманга
Жетип турат шаңкылдап.
Атаңардын карып калган жүрөгү калкылдап,
Үнү чыкпай каз өңдөнүп каркылдап.
Каркылдап калган себеби,
Балдар, атаңарга келген карылык.
Карылыктын келгенине турам таарынып.
Карган кезде бүгүн байбичеме багынып,
Балдарыма турам жагынып.
Көптөн бери көрбөй сагынып.
Алымкул сен да келип турасың,
Керектүү жерден табылып, -
деп, Осокем кеп кезегин Алымкул төкмөгө узатканда Алымкул:

- Мен айыл арасында жаңыдан ырдап жүргөн кезим. Ширгелинин уулу Мыса деген киши бир күнү мага жолугуп: «Алымкул балам, бул Таласта сен үйрөнүп үлгү алуучу ырчылар жок. Кетментөбөдө Эшмамбет, Токтогул деген ырчылар бар. Токтогул атаң Сибирге айдалып барып келди. Токтогулду көрбөй сен ырчы болбойсуң. Жүр, балам, Токтогул атаң Жанкороз ажынын ашына келиптир. Ал Жанкороздун иниси Төлөбайдын үйүндө экен», - деп мени алып жөнөдү. Күн батып, күүгүм киргенде Токтогул жаткан үйгө бардык. Мыса кирип барып: «Ассалом алейкум, Токо! Аман-эсен жүрөсүңбү, урушчаак бөдөнөдөй чукчуйган жарыктык. Таласка кээде келет экенсиң, кээде келбейт экенсиң. Сөзүңдү, өзүңдү сагынат экенбиз. Биздин айылдан Алымкул деген жаш бала ырчы болом деп жүрөт. Ошол балаңды ээрчитип келдим. Ага ырыңан, күүңөн үйрөтүп кет, Токо! Сизди сагынганда Алымкулду ырдатып жүрөлү», - деди. Током мени бир карап, жанына чакырып мындайча үндөп ырдады:

«Аз күнкү жалган дүйнөңдө
Алып кал, балам, нускамды.
Айлыңа келип жүргөндө,
«Атайы көрөм» деп келип,
Алымкул балам, сүрдөнбө!
Каргадай балам Алымкул
Качып менден сүрдөнбө!
Кармап кал балам, нускамды,
Калкыңа келип жүргөндө», - деп, узун сабак ырдады да акырында:
«Айылың Талас болсо да,
Атаң башка дебейин.
Топудай болгон Алымкул,
Топчубайдай көрөйүн.
Токтогул атаң токтолуп,
Балам, сага кезек берейин», - деди. Ошондо Токомдун маңдайына барып отура калып, эки көзүмдү жумуп, ылдый карап, комузумду күүлөп алып, мындайча саламдаштым:
«Айылда жүрүп ар убак,
Арзыдым эле өзүңдү.
Айттырып уксам дечү элем,
Аселден ширин сөзүңдү.
Атакемден кем көрбөйм,
Азыр көрдүм көзүңдү.
Кенедей жапжаш болсом да,
Келди деп уктум кабарды.
Бир көрсөм деп жүрчү элем,
Токтогул сиздей атамды.
Азыр бала, башым жаш,
Көңүлүм туюк караңгы.
Эрчитип жүрүп жөнгө сал,
Эселек мендей балаңды», - деп, Токомдун Сибирден аман-эсен элине келгенин айтып келип, акырында:
Алдыңда турган Алымкул
Өз балаңдай көрүңүз.
Акындык нуска жолуңду
Алымкулга бериңиз.
Мен деле сиздин балаңыз,
Берип кой Токо, колуңуз», – деп, Токомдун колун кармадым. Ошондо Током колумду коё бербей туруп:
«Алымкул, сен да баламсың.
Атаңдан үлгү аларсың.
Эскерип атаңды ойлосоң,
Элге сөзүм жаярсың.
Эсиңе ал, балам, Токоңду,
Эсен болсун бир башың», - деп, батасын берди. Ошол күндөн баштап Токомду жандап, көптөгөн ырларын, күүлөрүн алып калдым, акындык өнөрүмдү өркүндөттүм, -
деп айтып өттү.

Райкан:
- Эми, туугандар, Ыбыкемдин (Ыбырайдын) ордо калаабызда жакында өткөн Композиторлор союзунун съездине карата чыгарган жаңы күүлөрүнөн угалы.

Ыбырай:
- Карысам да колумдан комузумду түшүрбөй, элиме эрмек болуп жүрөм. Композиторлор кошунунун мүчөсү катары съездге карата үч күү чыгарып келдим. Алардын бири «Алатоо» деп аталат.

«Алтын, күмүш кенге бай,
Арасы толгон малга жай.
Жакасы кызылча, пахта, даңга бай,
Дүнүйөсү шайма-шай», деп, күүмдө Алатоонун келбетин, эмгекчилердин эмгегин даңктадым. Эми «Алатоо» аттуу күүмдү аткарып берейин.


Кадырман угармандар! Айтылуу эл шайырлары Осмонкул, Алымкул, Ыбырай, Эстебес, Токтосун жана акын-драматург Райкан ж.б. залкарлар катышкан отурумдун биринчи берүүсүн уктуңуздар.
XS
SM
MD
LG