Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:37

Акындардын айтышынын жыйынтыгы чыкты


БИШКЕК. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган, республикалык «Айтыш» коомдук фонду уюштурган төкмө акындардын эл аралык айтышы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында болуп өттү. Бул тууралуу маалымат бүгүн «Азаттыкка» «Айтыш» коомдук фондунан келип түштү. Төкмө акындардын үч күнгө созулган айтышына Кыргызстандан 28, Казакстан менен Өзбекстандан 6 төкмө акын катышты. Калыстардын чечими менен баш байге - «Жигули» автоунаасы - Элмирбек Иманалиевге, 2000 доллар өлчөмүндөгү биринчи байге Жеңишбек Токтобаевге, 1000 долларлык экинчи байге Казакстандан келген жаш акын Мухамбетжан Тазабековго, 500 доллар өлчөмүндөгү үчүнчү сыйлык Амантай Кутманалиевге ыйгарылды. Булардан башка 16 акынга кошумча сыйлыктар берилди. «Айтыш» коомдук фонду 2000-жылы ишкер Садык Шернияздын жеке демилгеси менен уюштурулган. Кыргыз төкмө акындарынын мектебине айланган бул фонддо 17 жаш акын тарбияланат.

XS
SM
MD
LG