Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:51

Сентябрда Ташкенде Шанхай Кызматташтык Уюмундагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталат


БИШКЕК. Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны 4-5-сентябрда Ташкен шаарында өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Жыйында уюмдун 2004-жылга карата бюджетин даярдоо, айрым нормативдик-укуктук документтерин иштеп чыгуу, уюмдун алкагында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү механизмдери каралат. Ташкенттеги жыйында эл аралык маселелер, уюмдун тышкы саясатына байланыштуу иш-чаралар да талкууланат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG