Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

31-августта Бишкек шаарындагы Алатоо аянтында эгемендүүлүктүн 12 жылдыгына жана Кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгына карата өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскердик парады жана Бишкек шаарындагы мекеме-ишканалардын эмгек жамааттарынын жүрүшү болду.

Кыргызстандын эгемендигине байланыштуу Бишкектин борбордук аянтында өткөн быйылкы салтанаттуу жыйын Совет мезгилиндеги аскердик параддарды эске салды. Болгону - Владимир Ильич Лениндин айкелинин ордунда «Эркиндик» эстелиги турат. Дагы бир айырма - ысыган күнгө, милициянын курчоосуна кайыл болуп чогулган элге бийик трибунадан кол булгалаган бийлик адамдары да коммунизмди жактоочулар эмес. Калганы - аскердик параддын жүрүшү, Бишкек шаарынын мекеме-ишканаларынын жамааттарынын аянттан жөө жүрүш менен өткөнү, «ураалаган» чакырыктар, учкан шарлар - кудум Совет мезгилиндегидей маанай тартуулады. Кыргызстандын 12 жылдан берки жетишкендиктерин дикторлор мамлекеттик жана ырасмий тилде Алатоо аянтын жаңырта окуп турушту. Быйылкы жылдын дагы бир өзгөчөлүгү – президент Аскар Акаев эгемендик күнүндөгү салт болуп келаткан куттуктоо сөзүн сүйлөгөн жок.

Тарыхка кайрылсак, 1991-жылы 31-августта Жогорку Кеңеш тарабынан «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө» декларация кабыл алынып, Кыргызстан өз алдынча эгемен мамлекет деп таанылган. 1992-жылы Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна мүчөлүккө өткөн. 1993-жылы 5-майда Конституция кабыл алынды. Учурда Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунан башка Дүйнөлүк Соода Уюму, Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюму, Шанхай Кызматташтык Уюму сыяктуу кадыр-барктуу уюмдарга мүчө. 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларынан кийин Кыргызстан өз коопсуздугуна өзгөчө көңүл бура баштады. Учурда Кыргызстандын аймагында Кошмо Штаттар баштаган антитеррордук коалициянын аскерлери жайгашкан. Орусия баштаган Коллективдүү Коопсуздук Келишими Уюмунун аскерлери Кант аба майданына отурукташууда. Жыл аягына чейин Шанхай Кызматташтык Уюмунун антитеррордук борбору Бишкекте ачылышы күтүлүүдө.

Ошол эле маалда Кыргызстан экономикалык жактан кыйла аксап, жакшы өнүгө албай келатканын жергиликтүү жана дүйнөлүк эксперттер белгилешүүдө. Кыргызстандын тышкы карызы - ушул тапта 1 млрд. 700 млн. доллар. Тыштан алынган карыздарды кайтаруу кыйын болгондуктан, кыргыз бийлиги сүйлөшүүлөрдүн аркасында Париж клубунун жана Пакистан өкмөтүнүн алдындагы карыздарын кийинкиге жылдырууга аргасыз болуп келет.

31-августта Алатоо аянтында өткөн салтанатта Кыргызстандын буга окшогон көйгөйлөрүнө караганда, жетишкендиктери көп айтылды.

- Кытай өкмөтү берип жиберген, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы тереңдигин далилдеген байыркы кол жазмалар бар. Ошол себептен, президент Аскар Акаевдин демилгеси менен быйыл алгачкы ирет Кыргыз мамлекеттиги жылын белгилеп жатабыз. Анын эгемендиктин 12 жылдык күнү менен туш келип калганы жакшы болду. Мен кыргызстандыктарга тынчтык, жыргалчылык, өнүп-өсүүнү каалайм. Кыргызстандын гүлдөгөн мамлекет болооруна ишенем, - деди журналисттерге өкмөт башчысы Николай Танаев.

Салтанаттуу жыйындан кийин көтөрүңкү маанайда бараткан Кыргыз эл жазуучу Чыңгыз Айтматовго микрофон сунуп, пикирин уктук.

- Ушул көрүнүштөрдүн бардыгы эмнени белгилейт? Акырындап отуруп, кыйынчылыктарды баштап өткөрүп отуруп, алга жылыш, өсүш болуп жатканын белгилейт. Калайык журтубуз ушинтип майрамдарды өткөрүп, жетишкендиктерди белгилеп турса бул – чоң абийир, - деди айтылуу жазуучу.

Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариевдин айтымында, «эгемендүүлүк майрамы ар бир кыргызстандыктын майрамы болуп калганын бүгүнкү салтанат көрсөттү. Эл жыл өткөн сайын майрамдын баркын биле баштады».

Токтогул районунун тургуну Акуш Качкынбаев карыя - Кыргызстандын эгемендик алышына өз салымын кошкондордун бири. Анткени, Акуш карыя 1942-жылы 2-февралда Улуу Атамекендик согушка аттанып, Берлинди алууга катышкан.

- Кыргыз элине эгемендик кут болсун! Кыргыз элинин бала-чакасы көбөйүп, кыргыз эли өнүп-өсө берсин! - деген каалоосун айтты Акуш карыя.
XS
SM
MD
LG