Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

ӨНДҮРҮШТҮК ЭРЕЖЕЛЕРДИН САКТАЛБАГАНЫ - РОССИЯЛЫК АТОМДУК КЕМЕНИН ЧӨГҮП КЕТИШИНЕ СЕБЕП БОЛДУ


Ишемби күнү таңга жуук Баренц деңизинде россиялык суу астында жүрүүчү эски атомдук кеме чөгүп кетти жана “К – 159” кемесинин 10 мүчөсү опат болду. Үч жыл мурда азыр кырсык болгон жайдан алыс эмес жерде суу астында жүрүүчү “Курск” атомдук кемеси кырсыкка учурап, 118 аскердин өмүрү кыйылган. Россия президенти Владимир Путиндин сөзү менен айтканда, Түндүк Флотундагы соңку кырсык – “деңиз тартип бузууну кечирбестен жазалай турганын” күбөлөйт.

Эбак пайдалануудан чыккан жана темир-тезекке кесип-бөлгөнгө тартылып бараткан суу астында жүрүүчү “К –159” кемесинин 30 август күнү таңга жуук чууга чөгүп кеткени, үч жыл мурда Баренц деңизинин ушул эле аймагында дал ушул айда болгон кырсыкты эске салды.

Үч жыл илгери “Курск” атомдук субмарининде ракета жарылганда, кеменин 118 мүчөсү опаат болсо, ишемби күнкү капылет кырсык 10 адамдын өмүрүн алды.

Россия президенти Владимир Путин кырсык жөнүндөгү кабарды Сардиния аралында Италиянын премьер-министри Силвио Берлусконинин чакыруусу менен конок болуп жүргөндө укту.

“Деңиз өтө бекем тартипти талап кыларын кырсык дагы бир ирет тастыктады. Деңиз жаңылыштыкты же байкабастыкты жөн калтырбайт” – деди Путин Берлускониге Россиянын аскерий кубатын даңктаган “Москва” крейсерин көрсөтүп жүрүп.

Байкоочулар Путиндин жана Россиянын коргоо министрлигинин 30-август күнкү кырсыкка байланыштуу кечиктирбей билдирүү жасаганына жана эски кемени буксирлеп тартуу учурунда техникалык эрежелердин сакталбаганына өзгөчө көңүл бөлүшөт.

2000-жылдын август айында “Курск” кемеси апаатка чалдыкканда, Кара деңизде эс алып жүргөн Владимир Путин өзүнүн “бар-жогун” билдирбей, ал эми Коргоо министрлиги кырсык тууралуу ачык маалымат бербей коомчулуктун катуу сынына калган.

“Курск” 2001-жылдын октябрында нидерландиялык компаниянын жардамы менен менен деңиз астынан алып чыгылган. Ал үчүн орус өкмөтү 65 миллион доллар сарптаган.

Коргоо министри Сергей Ивановдун сөзүнчө, 170 метр тереңде жаткан “К-159” кемеси да суу үстүнө алып чыгылат.

Түндүк деңиз флотунун орун басар командачысы, адмирал Кравченконун билдиришинче, кеменин кыйроосуна аба ырайынын катаал шарты себепчи болгон.

Бирок, отставкадагы адмирал Балтиндин сөзүнө караганда, субмаринди буксирлөөдө өндүрүштүк эрежелер орой бузулганы анык. “Буксирлөө алдында кеменин аба кирүүчү мору, люк-капкак сыяктуу ачык бөлүктөрү кесип алыныш керек, - дейт адмирал. - Ошондой эле, буксирленип бараткан кемеде адам болбош керек эле”.

Адмирал Балтиндин сөзүн Россиянын башкы аскердик прокуратурасынын билдирүүсү да бекемдейт.

“...Түндүк Флотунун командачылыгы мыйзамды бузганы жана куткаруу операциясын өткөрүүдө чечкиндүүлүк көрсөтпөгөнү азыр эле айдан ачык болуп турат”,- деп айтылат аскерий прокуратуранын билдирүүсүндө.

Норвегиялык табиятты коргоочу уюмдун Санк-Петрбургдагы бөлүмүн башчысы, отставкадагы деңиз офицери Александр Никитиндин айтымында, “К-159” кемесин буксирлөөдө флоттун жетекчилиги “Өтө арзан жана эң жөнөкөй жолду тандашкан”.

“350 чакырым жол басчу эски кеменин атомдук реактору деңизге чыгардан алдың кемеден бөлүнүп алыш керек болчу,” - дейт россиялык аскерий кемелердин деңизге радиоактивдүү заттарды таштаганы үчүн мамлекеттик сырды ашкере кылды деп айыпталып, абакта отуруп чыккан Никитин.

XS
SM
MD
LG