Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:46

Индияда диний майрам белгиленүүдө


Бүгүн Индияда индустардын Ганеша кудайынын туулган күнүн белгилөөгө арналган 10 күндүк салтанат башталды. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Бомбей шаарынын көчөлөрүнө 40 миң полиция кызматкери чыкты. Майрамдык салтанат өткөн жумада 52 кишинин өмүрүн алып, 150 дөн көп кишини жарадар кылган жардыруулар болгон жерлерде болмокчу. Полиция 25-августа болгон жардырууну исламдык топтор жасады деп шектенүүдө. Бүгүн Дели шаарында полиция эки согушкерди атып өлтүрдү. Алар 2001-жылы Индия парламентинде терракт жасаган деп шектелип жаткан.

XS
SM
MD
LG