Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

МУАММАР КАДДАФИ ЖАК ШИРАКТЫ АЯП, ФРАНЦИЯЛЫК ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ КОШУМЧА КУН ТӨЛӨМӨК БОЛДУ


Ливия 1989-жылкы авиажардырууда набыт болгон франциялык жүргүнчүлөрдүн үй-бүлөлөрүнө кошумча компенсация төлөп берүүгө көндү. Буга чейин Ливия маркумдардын жакындарына 33 миллион доллар компенсация төлөгөн. Август айында ырасмий Триполи 1988-жылы Шотландиянын аба мейкиндигинде болгон жардырууда өлгөн адамдардын үй-бүлөлөрүнө 2,7 миллиард доллар компенсация төлөгөнгө макулдук берген. Ливиянын лидери Муамар Каддафинин билдиришинче, эки авиакырсыкка байланыштуу иштер биротоло жабылды жана өлкө Батыш менен кызматташунун жаңы дооруна кирди.

Ливиянын лидери Муаммар Каддафи бийликке келгенинин 34 жылдыгына байланыштуу жекшемби күнү жасаган телекайрылуусунда, 1989-жылкы террордук жардырууда курман болгон франциялык жарандарга компенсация төлөө маселеси боюнча Франция менен жөнгө салынды жана өлкө Батыш менен кызматташуунун жаңы доорун баштады деп билдирди.

Франциянын өкмөтү бул кабарды ырастады. Тышкы иштер министри Доминик де Вильпен компенсациянын өлчөмү боюнча талаш дүйшөмбүдөн кечиктирилбей чечилет деп айтты француз радиосуна берген интервьюда.

Париж менен Триполунун бир ымалага келүүсү 1992-жылы Бириккен Улуттар Уюму Ливияга каршы киргизген санкцияны - Британиянын сунушуна ылайык-алып салууга жол ачат.

Ливия август айында 1988-жылы Шотландиянын асманында жардырылган Pan Am ширкетинин самолетунда курман болгон 270 адамдын жакындарына 2,7 миллиард төлөп бермек болгон.

Ушундан кийин ырасмий Париж 1989-жылы Нигер чөлүнүн аба мейкиндигиндеги террордук жардырууда опат болгон франциялык жүргүнчүлөрдүн жакындарына кошумча компенсация берилиш керек деп, Улуттар Уюмунун Ливияга каршы чектөөлөрүн токтотууга каршы чыгып жаткан.

Британия Локбериде өлгөн ар бир адамдын башы үчүн Ливиянын 10 миллион доллардан компенсация төлөй турганын жана терроризмди ачык жектегенин бетке кармап,Улуттар Уюмунун 1992-жылкы санкциясын биротоло алып салууну сунуш кылган.

Ливия 1999-жылы Локбери жардыруусуна күнөөлүү деп шек түшкөн эки адамды сотко өткөрүп бергенде, БУУ өз чектөөсүн жеңилдеткен.

Ал жылы француз соту ливиялык 6 жаранды, анын ичинде Муаммар Кадафинин кайнагасын да сыртынан UTA авиалайнерин жардыруу үчүн жооптуу деп соттогондон кийин, ырасмий Триполи Нигер асманындагы апаатта өлгөн 170 адамдын үй-бүлөлөрүнө 33 миллион доллар төлөп берген. Же адам башын 194 миң долларга бааланган.

Ливия Pan Am компаниясынын жана UTA самолетторунда өлгөн адамдардын үй-бүлөлөрүнө кун төлөп берсе да, жардыруу үчүн жоопкерчиликти мойнуна албай келет. Бирок, Каддафи Ассошиэйтед пресс агенттиги жана башка маалымат булактары белгилегендей, 3 миллиард доллар чукул кун төлөп берүүгө көнүп, жардыруу үчүн күнөөнү Ливияга алды.

Лондондо чыгуучу “Times” гезити менен Reuters агенттигинин ливиялык ырасмий булактарга шилтеп кабарлашынча, ырасмий Триполи UTA авиалайнериндеги кырсыкта набыт болгон ар бир жүргүнчү башына 300 миң доллардан сунуш кылган. Ливиянын адегенде болбосо Франциянын кошумча компенсация төлөө талабын шантаж деп баалаган эле.

Муаммар Каддафинин айтышынча, ал Франциянын президенти Жак Ширакты Нигердеги жардырууда набыт болгон адамдардын тууган-уруктары алдында “кыйын абалга калтырбас” үчүн кошумча кун төлөөнү макул көргөн.

“Акчасы жерге кирсин! Бизге акчанын эмне кереги бар? Локбери окуясы артта калды. ул стратегиялык чатакты жөндөөдө Ливия өзүнүн акыл-эстүүлүгүн жана эр жүрөктүүлүгүн көрсөттү”, - деди Муаммар Кадафи телекайрылуусунда.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши санкциясыны токтотсо, Ливия тыш өлкөлөрдөн каруу жарак сатып алууга жана чет өлкөлөр менен болгон аба байланышын жандантууга мүмкүндүк алат. Өлкө экономикалык курчоодон бошонот.

XS
SM
MD
LG