Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

Өрт өчүрүү кызматы башка министрликке өткөрүлөт


БИШКЕК. Быйыл 1-октябрдан тартып өлкөнүн Ички иштер министрлигинин карамагындагы Өрт өчүрүү боюнча мамлекеттик кызмат Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүлүп берилет. Өрт өчүрүү боюнча кызмат ага караштуу мүлкү, материалдык-техникалык каражаттары менен өткөрүлүп, Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында өз алдынча оперативдүү кызмат катары иштейт. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, өрт өчүрүү кызматын өтөгөндөр үчүн мурдагы социалдык жеңилдиктер сакталып кала берет.

XS
SM
MD
LG