Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

Баткен облусунда билим күнү белгиленди


БАТКЕН. Облустук мектеп-гимназияда өткөн салтанатка губернатор Мамат Айбалаев катышып, мугалимдерди жана мектеп окуучуларын Билим күнү менен куттуктады. Андан соң ал мектептин жогорку класстарынын окуучуларына Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына байланыштуу сабак өттү. Ал эми облустук билим берүү башкармалыгынын маалыматына караганда, жаңы окуу жылынан тартып 173 мектептин башталгыч класстарынын окуучуларына мамлекеттин эсебинен күнүнө бир маал акысыз ысык тамак берилмекчи. Мектептерди окуу китептери менен камсыздоо ушу тапта 33%дан 59%га жеткирилди. Ошондой болсо да аларды окуу китептери жана компьютерлер менен камсыздоонун деңгээли республикалык көрсөткүчтөн кыйла төмөн. Өткөн окуу жылынын жыйынтыгы менен алганда, облуста 342 мугалим жетишпейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG