Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:05

Адам укуктары боюнча кыргыз комитети облустарды кыдырууда


БИШКЕК. Учурда Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин жаңыдан шайланган жетекчилиги республиканын жер-жерлеринде жыйындарды өткөрүүдө. Комитеттин бардык облустардагы координаторлору кайрадан шайланышты. Бул тууралуу бүгүн комитеттин азыркы төрагасы Болот Тыналиев маалымдады. Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин жаңы жетекчилиги грант түрүндө жардам көрсөтүүнү өтүнүп, «Хивос», Хьюман Райтс Уотч, «Сорос» жана башка бир катар эл аралык уюмдарга кат жолдоду. Бирок, алардан азырынча жооп алына элек. Ал эми комитеттин жаңы жетекчилиги шайланаары менен өлкөдөгү бир катар укук коргоочу жана бейөкмөт уюмдар «Адам укуктары боюнча кыргыз комитетине жардам берүүнү эл аралык уюмдар белгилүү мөөнөткө токтотууга тийиш» деген пикирлерин билдиришкен. Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин мурдагы жетекчиси, учурда Венада жүргөн Рамазан Дырылдаев комитеттин жаңы жетекчилигинин шайланышын мыйзамсыз деп эсептейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG