Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

1-СЕНТЯБРЬ - БИЛИМ КҮНҮ


1-сентябрда Кыргызстандын бардык мектептеринде, жогорку жана орто окуу жайларында Билим күнү белгиленип, миңдеген окуучулар мектеп босогосун атташты. Бул күнү Бишкектин «Акбосого» конушундагы жаңы мектептин ачылышында сөз сүйлөгөн президент Аскар Акаев «мектептерди жана окуу жайларын компьютер менен жабдуу боюнча Кыргызстан алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошулду» деп билдирди. Бирок, айрым көз карандысыз адистер өлкөдө билим берүүнүн деңгээли мурдагыдан төмөндөп кеткенин айтышууда.

Президент Аскар Акаев 1-сентябрда Бишкек шаарына караштуу «Акбосого» конушундагы жаңы мектепти ачуу жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан компьютердик жаңы технологияларды пайдалануунун деңгээли боюнча Европа өлкөлөрүнө жакындашканын белгиледи:

- Компьютерлерди, информациялык жаңы технологияларды колдонуу боюнча биз Шериктеш мамлекеттер арасында эң алдыңкы өлкө катары таанылып, Европадагы билим тармагы боюнча алдыңкы орундарда турган мамлекеттерге жакындап калдык. Мына ошондуктан бул жаңы мектепке дагы эң акыркы үлгүдөгү компьютерлүү татынакай кабинет ачтык. Бөбөктөрүбүз ошол компьютерлерди пайдаланып, терең билим алат деп ишенебиз.

Кыргызстанда акыркы жылдарда информациялык жаңы технологияларды пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулууда. «Электрондук өкмөт» аттуу программаны ийгиликтүү ишке ашырыш үчүн мектептерди, окуу жайларын туташ компьютерлештирүү өз жемишин бере тургандыгына ишенгендер арбын. «Акбосогодо» ачылган 754 орундуу № 81-мектепке да президент Аскар Акаевдин колдоосу менен 11 компьютер коюлган кабинет ачылды. Бул мектептин курулушуна Бишкек шаарынын жетекчилиги 17 млн. сом каражат бөлгөн. Мектепти «Бишкеккурулуш» акционердик коомунун усталары бүтүрүп беришти. Мектептин ачылышына ыраазы болгондордун бири - «Акбосого» жаңы конушунун тургуну Эркебүбү Модоева:

- Эки балам шаардагы мектептерде окуп келишкен. Жаңы мектептин ачылганы жакшы эле болду. Эми айрыкча кышында, «балдарыбыз кайсы автоунаага түштү, эмнеге кечикти» деп сарсанаа болбойбуз.

Өлкөдө 1-сентябрда жаңы мектепке кире албаган окуучулардын да көп экендиги айтылып жатат. Премьер-министр Николай Танаев мурда берген маектеринде белгилегендей, табигый кырсыктар болгон аймактарда жайгашкан 12 мектепти кайра калыбына келтирүү милдети турат. Ал эми Билим берүү жана маданият министрлигинен алынган маалыматтарга караганда, өлкө боюнча 250дөй мектепти кайра жаңылоо түйшүгү бар.

«Өлкөнүн аймагы мунай жана газ кен байлыктарына жарды болгондуктан, республикада атуулдардын билим деңгээлин көтөрүп, Кыргызстандын башкы байлыгы катары адамдардын интеллектуалдык дараметин пайдаланыш керек» деген саясат бар. Ошондон улам акыркы он жыл аралыгында Кыргызстандын аймагында жогорку окуу жайлары жана алардын жер-жерлердеги бөлүмдөрү көбөйгөнү белгилүү. Бирок, окуу жайларынын санынын өсүшү билим берүүнүн сапатына дайыма эле оң таасирин тийгизбей турганы да айтылып келет. Ишенгүл Болжурова билим берүү жана маданият министри болуп дайындалып, жаңы кызматка киришээри менен ушул маселеге өзгөчө көңүл бураарын айткан.

Мектептердеги дагы бир көйгөй – балдардан «ата-энелер фонду, ремонт иштерине» деп кошумча акча чогултуу маселеси. «Буга бир чети мугалимдердин эмгек акысынын аздыгы себеп болуп жатат» деген пикир бар. Кыргызстанда мугалимдердин орточо эмгек акысы - 600-800 сом, ал эми жалпы өлкө боюнча орточо эмгек акынын өлчөмү - 1600 сом. Билим берүү жана маданият министрлиги атайын буйрук чыгарып, мектептердеги ашыкча акча чогултуу көрүнүштөрүн тыюуга аракеттенүүдө. Бишкектин тургуну Нурайым Айтбаева эмне себептен баласын менчик мектепке бергенин мындай түшүндүрдү:

- Баламды жөнөкөй мектепке берсем билим деңгээли төмөн болуп калчудай. Ошондуктан, менчик мектепке бердим. Бирок, ал мектептен акчаны көп сурашат экен.

Быйыл 17-февралда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамга ылайык быйылкы окуу жылында окуучулардын мектепке кирүү жашы да аныкталды. Эми балдар 1-класска 6-7 жаштан тартып бара башташмакчы жана ар бир бала 9-классты милдеттүү түрдө бүтүрүшү керек. 12 жылдык орто мектепти бүтөбү же жокпу – ал ар бир баланын өз эрки.

Быйылкы окуу жылынын алгачкы күнү «мамлекеттүүлүк сааты» менен коштолду. Эми шейшембиден тартып окуучулар менен мугалимдер кадыресе күрдөөл турмушка киришмекчи.
XS
SM
MD
LG