Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:04

КОШ МАЙРАМДАН ЧЫККАН ОЙ


Кыргызстан быйыл кош майрам кучагында, эгемендиктин 12, мамлекеттүүлүктүн 2200 жылдыгына багышталган салтанат-шаң дале уланууда. Дүйнө кыргыздарынын экинчи курултайында Демократия кодекси кабыл алынды. Ушу тапта саясий активдүүлүгүн дале болсо президент өзү көрсөтүүдө.

Эгемендик майрамына даярдык Бишкектин «Алатоо» аянтындагы Лениндин эстелигин башка орунга которуудан башталды. Биралдын символикалуу маани-мазмун алып кеткен бул ишти жактырбай, өкмөт башчысын сотко берип, болбосо өкмөттү ачык колдоп саясий активдүүлүгүн таасын билдиргендерге караганда кайдыгер позицияны ээлегендер арбын болду.

Отуз жыл турган ордунан жылдырылган коммунисттик иллюзиянын үлкөн символу деле башкы аянттан алыс кеткен жок. Жогорку Кеңештин имаратынын маңдайында кыйла жыл турган Кыргызстандын советтик орден-медалдарынын эстелик ордун ээлеп, аларды артка жылдырат окшоп калды. Чоң талашка түшкөн Лениндин эстелиги жаңы жай тапкандан кийин «Ак Үйдүн» идеологдорун сарсанаага салчу дагы бир проблема чыкканы турат. «Алатоо» аянты менен ага аты уйкаш кинотеатрдын жанындагы эстелик опокшош, тек бири кичине, экинчиси анын чоңойтулган варианты. «Эстеликтердин орун алмашуусу реформачыл кыргыз бийлигинин шашмалыгын, эл пикирин эске албастыгын далилдеген көрсөтмөлүү окуя болду» деп эсептейт кыргыз коммунисттеринин лидери Абсамат Масалиев.

- Булар болсо шашкалактап, «ошону өткөрө беребиз, жылдыра беребиз» деген чечимге келишиптир, - дейт Абсамат Масалиев. - Бул биздин Кыргызстанда мыйзамдуулукту тебелегендикти, мыйзамды тоотпогондукту, ага баш ийбегендикти дагы бир жолу көрсөтүп атат. ««Эркиндик» эстелиги «Алатоо» кинотеатрынын жанында турбайбы» деп Н.Танаевге айттык. Ал болсо «кичинекей эле, андай эле, мындай эле» деп айтып атат.

Иши кылып, тойдун опур-топуру менен эстеликтердин орун которуштуруусу чоң талашка түшпөй калды. Лениндин эстелиги парламенттин талкуусуна түшкөнчө болор иш болуп, боесу канып калат. Кыргыз бийлиги ал арада Дүйнө кыргыздарынын курултайында кабыл алынган Демократия кодексин калкка түшүндүрүү, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгынын ай-ааламдык маани-мазмунун жар салууга өтөт. Дүйнө кыргыздарынын курултайында адам менен табияттын биримдигин, анын улуулугун ырастаган отко-сууга сыйынуу жөрөлгөлөрү жасалды. Кантсе да «Манас» сындуу оозеки адабияттын алп эстелигин жараткан эл эмеспизби, президент А.Акаев Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы ай-ааламга таанымал окуя болгонун Байтик тоосунун башында туруп мындайча түшүндүрдү:

- Бүгүн кыргыз эли көк асмандан өзүнүн жылдызын тапты. Карагылачы, урматтуу агайын-туугандар, биз Кыргыз мамлекеттүүлүгүн майрамдап аткан чагыбызда көктө баркыраган жылдыз пайда болду. Марс менен Жердин улуу тиреши - 60 миң жылда бир жолу кайталанчу көрүнүш. Чоң тиреш биз мамлекеттүүлүгүбүздү майрамдап аткан чакта, баарыбыз чокуда турган чагыбызда болууда. Менин ынанымым боюмча, уруш менен тынчтыктын колдоочусу Марс - кыргыздардын, кыргызстандыктардын жылдызы.

«Манас» эпосунун мындан 8 жыл илгери өткөн миң жылдыгында президент А.Акаевдин өкмөтү андан улут идеологиясына негиз катары 7 осуятты сууруп чыккан. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгында 7 тарамдан турган жаңы Демократия кодекси калкка сунушталды. Президенттин демилгеси менен ишке ашырылып жаткан алдагыдай аракеттердин артында улут потенциалын ойготуу, калктын жаратмандык демилгесине дем берүү мүдөөсү турганын бийлик өкүлдөрү айтууда. Аны президент өзү да республиканын түндүк-түштүгүндө болуп, эл менен жолугушканда байма-бай айтып келди.
XS
SM
MD
LG