Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:14

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Иракта террордук чабуулда курман болгон аятолла Мухамет Бакир ал-Хакимди акыркы сапарга узатуу жүрүшү уланууда. Ирактык шии мусулмандардын лидери- аятолла ал Хакимдин сөөгү Нажаф шаарында 2-сентябрда коюлат. Биринчи сентябрда шии мусулмандардын экинчи ыйык шаары эсептелген Кербалада сөөктү үч миңдей шиилер тосуп алып, аза күткөн котологон адамдарга кошулуп, Нажаф шаарына жол тартышты. Шиилердин аза күтүү жүрүшүн америкалык аскерлер обочодон көзөмөлдөп баратышат. Америкалык аскердик жетекчилик Нажафтын өзүндө да коопсуздук чараларын күчөткөнгө ниеттүү.

Аятолланы диний көсөм жана жол башчы деп эсептешкен миңдеген шиилер ак уруп, сүкүт чалып, аятолланын сөөгү салынган табытка көкүрөктөрүн тийгизип жатышат. Табыттын үстүнө ак жана кызыл розалар койулуп, алдына аятолланын сүрөтү орнотулган. Баш аягы 300 миңдей киши катышкан аза жүрүшүн Иракта жайгаштырылган америкалык аскерлер обочодон коштоп баратышат.

Нажафтын өзүндө да коопсуздук чаралары күчөтүлүп, шаарга кошумча аскер тартылууда. Бирок шаар акимчилиги америкалык аскерлердин тажия боло турган жерге жакын келишине макулдугун берээр-бербеси анык эмес. Анткени, адатта, шиилердин ыйык жери деп эсептелген чөлкөмгө каапырлар жолотулбайт. АКШ аскердик командачылыгын тажияга аскердик көзөмөл жүргүзүү жөнүндөгү сунушуна шаар акимчилиги расмий макулдугун бере элек. Аймактагы абал өтө опурталдуу болуп жаткандыктан, АКШнын аскердик жетекчилиги аны Польшанын аскердик бөлүктөрүнүн көзөмөлүнө өткөрүп берүүнү белгисиз мөөнөткө кийинкиге калтырды. Баштапкы план боюнча, аймак ушул жумада эл аралык күчтөрдүн курамында польшалык аскерлердин карамагына өткөрүлүп берилмек.

Өткөн жума күнү шии мусулмандардын ыйык жери Нажафка жасалган террордук кол салууда 125 киши киши курман болуп, 142 киши жарадар болгон. Өлгөндөрдүн ичинде Ирактын шии мусулмандарынын лидери аятолла Мухаммед Бакир ал-Хаким да бар эле.

Шиилердин ыйык жери эсептелген Нажафтагы мечитке чогулган мусулмандар 750 килограмм жардыргыч заттын курмандыктары болушту. Күчтүү жардыруудан кишилердин дене мүчөлөрү үзүлүп, туш тарапка чачырап, бир тобунун ким экени таанылбай калган. Куткаруучулар мечиттин урандыларынын астынан аятолланын бир колу, сааты жана калеми гана табылганын айтышат.

Нажаф шаарынын акими Хайдер Мехади бул кандуу чабуулду иликтеп, күнөөлүүлөрдү таап берүүнү суранып, АКШнын федералдык иликтөө кызматына кайрылган. Иликтөөчүлөр жакын арада Наджафка барышат. ФБРдин агенттери азыр 7-августта Иорданиянын элчилиги менен 19-августта Улуттар Уюмунун Багдаддагы кеңсесине жасалган кол салууларды иликтеп жатышат. Ирактын полициясы Нажафка жасалган терактка байланыштуу баары болуп 19 шектүү киши камакка алынып, суралып жаткандыгын жана кармалгандардын бир тобунун «Ал-Кайыда» тобу менен байланышы бар экенин маалымдаган. Алардын экөө - кувейттиктер, алтоо - Иорданиянын жарандыгын алышкан палестиндер, калганы-ирактыктар болуп чыкты.

АКШ аскерлеринин өкүлү майор Рик Холл Ирактын полициясы аларга 2 шектүү адамды өткөрүп бергендигин, алардын «Ал-Кайыда» менен байланышы бар болушу мүмкүн экенин, бирок аны даана күбөлөндүргөн далилдер жок болгондуктан, кармалганларды, балким, койо бергенге туура келээрин каңкуулаган.

Ирактагы оккупациялык күчтөргө калк нааразылыгы күч болуп, өлкөдөгү экономикалык абалдын оор бойдон калып жатышынан пайданган террорчулар чабуулдарын күчөтүшү мүмкүн. Ошон үчүн Ирактын Башкаруучу Кеңеши АКШ Ирактын жаңы милициясын тез арада калыптандырып, жарандык тартипти көзөмөлдөө ишин милицияга өткөрүп бериши керек деп эсептейт. Бул оюн «Вашингтон Пост» гезитинде билдирген Ирактын улуттук конгрессинин лидери Ахмад Чалаби:

"Америка Саддамды биротоло жок кылуу вазыйпасын Ирактагы достору менен бөлүшүүгө тийиш. Силерде курал күчү менен шамдагайлык болсо, бизде чалгындоо күчтүү. Биз жергиликтүү шарттарды жана эл арасында болуп жаткан купуя нерселерди билип турабыз. Буларды бириктирсек, террорчулук менен баш аламалыкка каршы таасирдүү чара көрө алабыз", - деп жазган.
XS
SM
MD
LG