Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:45

Нарын АЙЫП, Прага Америка Кошмо Штаттарынын Иракка каршы согуш баштаганынын себептеринин бири - анын кеңири кыргын салуучу куралын жок кылуу максаты болчу. Бирок Багдаддын андай куралы эмгиче табыла элек жана эгер ал кеңири кыруучу куралга ээ болгондо, согуш такыр башка нукта өнүгүшү мүмкүн болчу. Ошондуктан кээ бир эксперттердин айтымында, АКШ Иракка - анын куралга ээ болгондугунан эмес, анын куралы жок болгондуктан кол салган.

Нью-Йорктогу Ачык коом институнунун интернет-сайтында 1-сентябрда жарыяланган Эрих Марквардттын макаласында - дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүнүн өзөктүк курал өндүрүү мүмкүнчүлүктөрү жана аны менен байланыштуу аларга каршы сырттан мүмкүн боло турган агрессия тууралуу айтылат. Мисалга - Ирак, Иран, Кытай жана Түндүк Корея өлкөлөрү келтирилет.

Автордун айтымында, мындан элүү жыл мурда эки Корея ортосунда согуш болуп жатканда, АКШ жетекчилиги Кытайды катуу коркутуп, ага каршы атом бомбасын колдоно турганын да айткан, анткени Бээжин согушта Түндүк Кореяны колдоп, ага аскерий жардам көрсөткөн. Бирок 1964-жылы Кытай өзүнүн биринчи өзөктүк бомбасын сынагандан кийин, ага карата АКШнын мамилеси такыр өзгөргөн жана андан көп узабай президент Ричард Никсон Бээжинге расмий сапар менен келип, эки өлкө ортосунда кызматташуу башталган.

Азыр дагы Түндүк Корея жетекчилиги Кытайдын мисалын колдонууда жана 2002-жылдын башында президент Жорж Буш Пхеньянды күнөөлөп, аны Ирак жана Иран менен кошо "балакеттин үчилтиги" деп атагандан кийин, өлкөдө өзөктүк курал өндүрүү багытындагы аракеттер күчөдү. Эгер Түндүк Кореяда жакын арада атомдук сыноо өткөрүлсө, ага каршы сырттан кол салуу коркунучу бир кыйла кыскарат.

Сыртынан башка болгону менен, иш жүзүндө ошондой эле тактиканы Иран дагы колдонууда. Пхеньян өзүнүн өзөктүк программаларын кайрадан иштеткенин ачык жарыялап жатса, Тегерандын айтымында, анын өзөктүк курал өндүрүү ниети жок жана өлкөдө аскерий эмес гана өзөктүк программалар иштейт. Бирок аскерий эмес атом реакторун кура алган мамлекеттин өзөктүк курал өндүрүүгө да кудурети сөзсүз жетет, ошондуктан сырткы коркунучка кабылган бул эки өлкө чындыгында мүмкүн болушунча ылдамыраак андай куралга ээ болууну көздөгөнүндө шек жок.

Алардын чыныгы мүмкүнчүлүктөрү болсо - такыр башка маселе, ошондуктан Пхеньяндын өзөктүк программалары тууралуу жарыялар чындыгында жөн гана опуза да болушу мүмкүн, бирок АКШнын чалгындоо кызматтарынын маалыматтары боюнча, өлкөдө бир-эки өзөктүк бомба өндүрүлүп бүткөндүгү да толук ыктымал. Андай болгондо, Түндүк Кореяга каршы АКШ оңой менен согуш ачып жибербей тургандай.

Бул жагынан алганда, Ирактын мурдагы жетекчилиги чоң ката кетирген сыяктуу. Алар өз өлкөсүн эл аралык текшерүүгө бир нече жыл бою ачып, өлкөдөгү чыныгы абалды билдирип койгон. Согуш алдындагы акыркы төрт жылда өлкөдө эл аралык инспекторлор иштеген жок, бирок Ирак жетекчилиги өзү - бизде эч кандай кеңири кыруучу курал жок деп такай айтып келген. Жана андай курал өлкөдө эмгиче табыла электиги - Иракта чындап эле курал жок экенин көрсөтөт. Ошондуктан Америка Кошмо Штаттары Иракка каршы согушту - өлкөдө эч кандай орчундуу курал жок экенин жакшы билгендиктен баштаганы толук ыктымал, деген жыйынтык чыгарат автор. Анткени, эгер Иракта андай курал болгондо, АКШ өзөктүк от менен өзү ойногон болмок.

1998-жылга чейин дүйнөдө беш мамлекет - АКШ, Кытай, Орусия, Улуу Британия жана Франция өзөктүк куралга расмий түрдө ээ болуп келген. 1998-жылы Индия менен Пакистан удаасы менен атом бомбаларын сынады, бирок дүйнөлүк коомчулук аларга каршы эч кандай чара көргөн жок. Андан тышкары, Израил менен Түштүк Африка дагы өзөктүк куралга ээ деген маалыматтар бар, бирок аларга каршы деле эч кандай чектөөлөр көрүлбөйт.
XS
SM
MD
LG