Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:16

МУГАЛИМДИН ТУУЛГАН КҮНҮНӨ БЕЛЕК БЕРГЕНГЕ БОЛБОЙТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек 2-сентябрда Билим берүү жана маданият министрлигинде «ачык эшик күнү» болду. Министр Ишенгүл Болжурова журналисттер менен баарлашып, бул тармактын күңгөй-тескейи тууралуу суроолорго жооп кайтарды.

Жаңы окуу жылы 1-сентябрда президент А.Акаевдин окуучуларга кайрылуусу менен башталды. Ал мектептерде жана башка окуу жайларында окуусун баштаган 1,5 млн. жеткинчектерге жана жаштарга чоң ийгилик каалады. Азыр ар бир төртүнчү кыргызстандык билим алып аткан кези. Мектепте болобу, же жогорку окуу жайында болобу - көйгөй толтура. Министр И.Болжурова 2-сентябрдагы маалымат жыйынында былтыртан бери жасап аткан жумуштары, жетишкендиктери жана кол жетпей аткан маселелер боюнча сүйлөдү. Окууга өтүш тууралуу кеп козголгондо дароо студент болуу жолундагы паракорлук эске түшөт эмеспи. Быйыл турмушка жаңы кирген упайлык система, Ишенгүл айымдын айтымында, өзүнүн жакшы жагын көрсөттү. Анын оюнда, паракорлуктун жолу буулуп, чөнтөгү анча калың эмес, эстүү жана билимдүү балдар гана студент болушту.

Мындан 3-4 жыл мурда Кыргызстанда жогорку окуу жайлары жана алардын дубандардагы филиалдары жайнап кеткен. ЖОЖдордун санынын 40тан ашып кетиши коомчулукта нааразылык жаратып, андагы билимдин сапатына шектенүү күчөгөн. Министрлик жогорку окуу жайларын аттестациялоону жана билим деңгээлин текшерүүнү колго алган. Былтыртан бери жогорку окуу жайларынын 52 филиалы жабылды. Орто билим берүүдө да жүрөк ооруткан жагдайлар жетиштүү. Ишенгүл Болжурова бул кызматка келээри менен мектептерде тыйын чогултканга, чай ичишмейге жана белек берүүгө каршы токтом чыгарган. Ал үзүрүн берди бекен? Суроого Ишенгүл Болжурованын жообу мындай болду:

- Мен бул кызматка жаңы келгенде ата-энелерден «мектептерде тыйын чогултмай көбөйдү» деген арыздар абдан көп түшкөн. «Майрамдарга» дейт экен, «ремонтко» дейт экен, «кароолчуга» дейт экен. Анан мен «бир да тыйын алынбасын» деп токтом чыгардым. Айрыкча шаардык мектептер менен чоң күрөш болду. «Мугалимдин туулган күнүнө» деп, «майрам тосолу» деп акча чогултуш моралдык жактан да туура эмес. Бул мугалимдин атын булгайт. Азыр мындай көрүнүштөр мурдагыдан бир кыйла азайып калды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мектептери 3 миңден ашык мугалимге муктаж. Мисалы, быйыл эле 2433 улан-кыз педагогдун дипломуна ээ болушкан. Алардын көбү 500 сом маянага иштегилери жок. Кайсы бир маегинде министр айым «мектептерде жалаң «экиге» окугандар арбып баратат» деген эле. Мектептерде билим берүүнүн сапаты начарлаганына жүрөгү ооруганын Ишенгүл айым дагы бир жолу айтты.

- Менин жүрөгүмдү оорутканы - айрыкча элеттеги кыргыз мектептерде окутуунун сапатынын начарлап атканы. Мындай мектептерди колдогонго аракет кылуудабыз. Азия Өнүктүрүү Банкы аркылуу окуу китептерин чыгардык. Дүйнөлүк Банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атабыз.

Айыл мектеби дегенде көзүңө сыры кетилген эски такта, кабагы салыңкы мугалим жана сабакка көңүлү жок оюнкараак окуучу элестейт. Кыргыз өкмөтү 22-августта «Айыл мектеби» деген программа кабыл алды. Ага ылайык быйылтан баштап бардык күч-кубат элет мектептерин көтөрүүгө багытталмакчы. Билим берүү жана маданият министрлигинин стратегия бөлүмү «мектеп босогосунан алыстаган балдар 2,5 миң» деп жүрөт. Тилекке каршы, айрым байкоочулар бул санды он эсе көп деп эсептешүүдө.

Быйылтан тартып мектеп программасына ыйман сабагы кирди. Бул сабактын өтүлүш концепциясын түзгөн профессор Советбек Байгазиев «ыйман сабагын молдолор окутпайт» дейт:

- Бул диний программа эмес жана сабакты молдолор өтпөйт. Бара-бара ыйман сабагынын мугалимдери да даярдалат. Бирок, ага чейин маданияты жогору, кыргыз тарыхын жакшы билген, дүйнөтаанымы кеңири адам окутуп турса болот.

Мамлекеттин капчыгында мектептерге кам көргөнгө каражат тартыш. Жада калса кыйроо абалында турган мектептерди оңдогонго шай жок. Мындайда элеттегилер кээде ашар жолу менен кырдаалдан чыгып атышат. Шаардык мектептер эл аралык уюмдарга кайрылып грант табышууда. Мисалы, Бишкектеги № 5-гимназиянын чатырын жапканга «Мерсико» уюму 290 миң сом берди.
XS
SM
MD
LG